ЭШИК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк тилинде эшү этиши «жап» маанисин берип, ага зат атооч жасоочу -к мүчөсү уланганда, эшүк «жабуу» сөзү келип чыккан (ДТС, 186). Мына ушул эшүк сөзүнүн ү тыбышы и тыбышына өзгөрүүдөн эшик сөзү жаралышы мүмкүн. Анткени эшик үйдүн ачылып-жабылып тура турган бөлүгү болот. Ошол өзгөчөлүгүн байыркы түрктөр «жап» маанисиндеги эшү сөзүнүн жардамы менен жасалган. Эшик сөзүнүн «тыш, сырт» мааниси кийин жаралганы дешке болот.