Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кисть, кисточка (украшение);
жоолуктун чекелеринде майда чачылар болот по краям платка бывают мелкие кисточки;
найзанын чачысы то же, что түпөк;
2. волосы хвоста; конец хвоста (некоторых животных, напр. коровы, осла);
өгүздүн куйругунун чачысын куйушканга байлап алды он подвязал конец хвоста быка к подхвостнику;
3. щётка (на ногах лошади);
чачыдан кар снег по щётку коню (неглубокий).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көбүнчө баш кийимдердин (мис., тебетей, топу ж. б.) төбөсүнө тагылуучу же жоолуктун ж. б. чекелериндеги майда жипчелер, чачык. Суусар тебетей, анын чокусунда көк мончок өткөрүп таккан узун кара чачы (Аалы). Үзүгүн аппак бордоткон, Этегин чачы тордоткон (Тоголок Молдо).
2. Кээ бир малдын (мисалы, уйдун) куйругунун чачыланган уч жагы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көбүнчө баш кийимдердин (мис. тебетей, калпак ж.б.) төбөсүнө тагылуучу же жоолуктун ж. б. чекелериндеги майда жипчелер, чачык. Суусар тебетей, анын чокусунда көк мончок өткөрүп таккан узун кара чачы (Токомбаев). Үзүгүн аппак бордоткон, Этегин чачы тордоткон (Тоголок Молдо). 2. Кээ бир малдын (мис. уйдун) куйругунун чачыланган уч жагы.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу убайымдоо, сары санаа болуу, бир нерсеге аябай санааркай берүү. Ушул сенин сырыңды жашырам деп, бирөө билип калбаса экен деп жүрүп чачым агарып кетти (Сыдыгалиев). Айтып атып чачым агарды, тил албаган бала экен (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу убайымдоо, сары санаа болуу, бир нерсеге аябай санааркай берүү. Ушул сенин сырыңды жашырам деп, бирөө билип калбаса экен деп жүрүп чачым агарып кетти (Сыдыгалиев). Айтып атып чачым агарды, тил албаган бала экен (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
элдик түймөчүлүктүн бир түрү. Ал эки ыкма менен жүзөгө ашат. Түймө чачыны керип алып, бир баштан түйүүнү бир эле уз аткарат. «Төкмө чачыга» эки же андан ашуун адамдын колу тиет. Бирөө чачыктын эришин эпилдетип өткөрсө, беркиси катуу чыйратылган жипти калыбынан жылдырбай өткөрүп турат. Ошентип, чыйратуусу келишкен жип тегиз селкилдеп, төкмө чачысы көңүлгө тойгондой элести тартуулайт. Төкмө чачыда «чок» болбойт.
      Түймө чачыны да кылдырооч «тегирич» үчүн пайдаланабыз. Муну колу билгендер түрлөнтүп жиберишет. Албетте, мында түймөчүлөрдүн ыкмалары бири-биринен айырмаланат. Мурунку уздардын уздануу ыкмаларынын бөтөнчөлүктөрүнүн бири саймаланган түймө чачыга шуру да өткөрүшкөн. Андай кооз буюмдарды айыл арасынан азыр да кездештиребиз. Түймө чачыны жасоодо түймөчүлөр ар бири үчтөн тал жипти он төрт жолу чалып, кырк эки тал жипти жаңылбай түйүп, анын торчосуна сегиз тал жип колдонушат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от чач- II
разбрызгиваться; рассыпаться;
чачылганың жыйналып, кеткенин келер өзүңө фольк. всё, что у тебя рассыпалось, соберётся, все, кто ушёл, придут к тебе (т.е. у тебя восстановится прежнее благополучие);
чачылып-чабылып капа болду он огорчился и растерялся;
чабылып-чачыл- (о народе) будучи разгромленным, рассеяться.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чачыла I
1. этн. свадебный обряд: кто-л. из старших женщин из родни жениха обсыпал сластями (в эпосе - деньгами, драгоценностями) прибывшую в аул жениха невесту, когда она подходила к юрте свёкра;
келинди отко киргизишке, чачылага кандай карайсыз? как вы относитесь к (обряду) введению молодухи в огонь и к обсыпанию её сладостями?
ак сандык оозун ачты эле, кызыл дилде, булду алып, чачыла кылып чачты эле фольк. открыла она белый сундук и, взяв деньги, червонное золото, рассыпала;
чачыла той синьцз. то же, что кеңешме 2;
2. южн. сладости, подаваемые гостям на той'е (женщины разбрасывают их во дворе, а находящиеся здесь дети подбирают их).
чачыла- II
украшать кисточкой, приделывать кисточку;
топостун кылы менен чачыла- украшать кисточкой из волоса хвоста яка;
багалегин чачылап, бардыгын укмуш кайыптыр стих. низ штанин украсив кисточками, она удивительно (искусно) притачала.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Келин келген учурда конфет, кант, боорсок ж. б. чачып, таратуу салты. Кокус келин келип калса, алдынан чачыла чачып койгула деп байбиче боорсок бышыртып да койгон жок (Сыдыкбеков).
ЧАЧЫЛА II этиш. Чачы жасоо, чачы тагуу. Шатен мончок тагып чачылаган саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Аалы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. разбрасывание; рассыпание;
2. развёрстка;
чачым менен по развёрстке;
азык-түлүк чачымы ист. продовольственная развёрстка;
3. чатк. один слой на току, приготовленный для обмолота (при молотьбе ногами животных или молотильным камнем);
эки чачым два настила (один обмолочен и сгребён в ворох, а второй разостлан для обмолота);
үч чачым три настила и т.д.

Киргизско-русский словарь Юдахина
разбросанный, раскиданный, рассеянный; находящийся в беспорядке, в хаотическом состоянии;
Каныштын үйү чачынды, адатынча жыйбаган стих. юрта Каныш в беспорядке, по обыкновению (в ней) не убрано.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чогуу эмес, чаржайыт, баш аламан, бытыранды, иретсиз. 2. хим. Чачынды элементтер, жаратылыштагы ар түрдүү элементтердин казып алынуучу кен байлыктарынын (көмүрдүн, туздардын, фосфриттердин) курамында аралашма түрүндө кездешүүчү элементтердин тобу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бириндеп-бириндеп бөлүнүп туш-тушка ыргуу, туш-тушка чачылуу. Темирди жанчып жатат талкан-талкан, Чачырап кызыл учкун ар тараптан (Бөкөнбаев).
2. Чачыла тийүү, жайылуу, тароо. Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Күндүн алтын нуру эми гана чачырап чыгып келатат (Абдукаримов).
Көзү чачыроо — кандайдыр бир нерсени өтө зарыга күтүү, абдан эңсөө. Ушул жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм (Элебаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
разбрызгаться; разлететься вдребезги;
арпадан күчтүү чөбүн оттоп, төрт түлүк жылдыздай чачырачу пасясь на траве, которая сытнее ячменя, скот рассыпался (по пастбищу), будто звёзды (по небу);
күн чачырап чыкканда когда взошло яркое солнце (разбрызгивая свои лучи);
күндүн мурду чачыраганда когда начало показываться солнце;
көзү чачырап турат у него глаза блестят от жадности;
тамакка көзү чачырап турат он жадно смотрит на еду; он с нетерпением ждёт еды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бириндеп-бириндеп бөлүнүп туш-тушка ыргуу, туш-тушка чачылуу. Темирди жанчып жатат талкан-талкан, Чачырап кызыл учкун ар тараптан (Бөкөнбаев). 2. Жайылуу, тароо. Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Күндүн алтын нуру эми гана чачырап чыгып келатат (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кандайдыр бир нерсенин чачыраган майда бөлүктөрү. Жарылып үйдөй темир тарсылдады, Талаага октой учту чачыранды (Үмөталиев).
2. Бытыранды, иретсиз, чачкын. Менин ар кай жерден сүйлөгөн чачыранды сөзүмдү алар дитин салып угуп турду (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсенин чачыраган майда бөлүктөрү. Жарылып үйдөй темир тарсылдады, Талаага октой учту чачыранды (Үмөталиев). 2. Бытыранды, иретсиз, чачкын. Менин ар кай жерден сүйлөгөн чачыранды сөзүмдү алар дитин салып угуп турду (Элебаев). 3. өт. Биримдиги жок, ынтымаксыз. Чачыранды эл. Чачыранды уруу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от чачыра-
разбрызгивать: разбрасывать (что-л. мелкое);
күрөккө ченеп сүзүп, алтын жаандай чачыратып, кызыл сапырган чалдар старики, веющие зерно, набирая лопатами и разбрасывая золотым дождём;
көзүн чачырат- вызывать зависть у кого-л.; вызывать жадные взгляды;
жаны мектеп болсо, чала бүтүп, балдардын көзүн чачыратып турган кези а вот новая школа закончена (только) наполовину, она вызывает жадные взгляды у ребят (вот бы в такой школе учиться!).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үрөйү учуп катуу корккон же таң калган, жүрөк титирерлик сезимде болуу. Айтып отурса, чачың тик турат (Эралиев). Эшик алдында аны күтүп тургандай элестеп, тула бою дүркүрөп, чачы тик туруп кетти (Медетов). Июль айынын коюу караңгылыгында уктап жаткан элди адамдын чачы тик турган суук кабар ойготту («Чалкан»). В.: Чачы үрпөйүү. Эки жактын кара өзгөйлүктөрүн угуп, кашы тургай чачы үрпөйдү (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үрөйү учуп катуу корккон же таң калган, жүрөк титирерлик сезимде болуу. Айтып отурса, чачың тик турат (Эралиев). Эшик алдында аны күтүп тургандай элестеп, тула бою дүркүрөп, чачы тик турүп кетти (Медетов). Июль айынын коюу караңгылыгында уктап жаткан элди адамдын чачы тик турган суук кабар ойготту («Чалкан»). Нурбектин чачы тик турат (Айтматов).