ЧАЧЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көбүнчө баш кийимдердин (мис. тебетей, калпак ж.б.) төбөсүнө тагылуучу же жоолуктун ж. б. чекелериндеги майда жипчелер, чачык. Суусар тебетей, анын чокусунда көк мончок өткөрүп таккан узун кара чачы (Токомбаев). Үзүгүн аппак бордоткон, Этегин чачы тордоткон (Тоголок Молдо). 2. Кээ бир малдын (мис. уйдун) куйругунун чачыланган уч жагы.