чачыла
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Келин келген учурда конфет, кант, боорсок ж. б. чачып, таратуу салты. Кокус келин келип калса, алдынан чачыла чачып койгула деп байбиче боорсок бышыртып да койгон жок (Сыдыкбеков).
ЧАЧЫЛА II этиш. Чачы жасоо, чачы тагуу. Шатен мончок тагып чачылаган саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Аалы).
ЧАЧЫЛА II этиш. Чачы жасоо, чачы тагуу. Шатен мончок тагып чачылаган саймалуу кызыл баштыктан тамеки алып, Асанга ажардана карады (Аалы).