Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тишке салып кысуу, кыса кармоо, көтөрүү. Ит сөөк тиштеп бараткан эле (Шүкүрбеков). Камчысынын сабын тиштеп, аркы-берки ойго кетти. Кырк кулактуу казанды, Көтөрүп тиштеп алыптыр («Эр Төштүк»).
2. Тиши менен кертүү, бөлүү, үзүү. Чаргын боорсоктун тең жартысын бөлө тиштеп алды (Сыдыкбеков). Аттары асман тиктеген, Арпасын жара тиштеген (Тоголок Молдо).
3. Тиши менен айбат кылуу, кол салуу же коргонуу аракетин жасоо. Ат тиштеп алды. Ит тиштеди. Карышкыр тиштеди.
4. Тиш салып кармоо, басып калуу, өлтүрүү. Өрдөк тиштей турган машке. Сак сагызган түлкүнүн башына барды, Шап эттире түлкү акең тиштеп алды (Шүкүрбеков).
5. Тишке салып кысуу аркылуу териден тигилген кийимдин тигишин жаткыруу. Тондун тигишин тиштеп жаткыруу.
Ок тиштөө — ок урсун деп каргануу. Тузга сиесиңби же ок тиштейсиңби? (Аалы). Таш тиштөө — тилеги ордунан чыкпай калуу, тилеги таш кабуу. Же андан, же мындан болбой, таш тиштеп калбайын (Каимов). Бармагын тиштөө — өкүнүү, арманда калуу. [Барпы] жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди (Байтемиров). Эрдин тиштөө — 1) башкаларга билгизбей эрдин тиштөө аркылуу кимдир бирөөгө купуя оюн билгизүү, ишарат кылуу; 2) ызырынуу, кекенүү, бирөөгө карата ичинде кек сактап жүрүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кусать; брать в зубы, брать зубами;
2. этн. наносить кусаный (зубами) орнамент (гл. обр. на нагольный тулуп или на кожаные штаны);
тиштеп жатып олпокту, кашка тиши жадаган фольк. при нанесении орнамента на олпок (см. олпок 2), её зубы натрудились;
бармак тиште- выразить раскаяние, сожаление (букв. прикусить палец);
бармагын тиштеп, башын чайкап фольк. с большим сожалением покачав головой;
иштеген тиштейт погов. кто работает, тот и ест;
иштебеген тиштебейт погов. кто не работает, тот не ест;
карыштыра тиште- схватить мёртвой хваткой;
бир тиштеп алса, коё бербейт у него мёртвая хватка (букв. если он схватит зубами, не упустит);
өпкө жүрөгүн тиштеп (или туура тиштеп), сражаясь не на жизнь, а на смерть;
тиштээрине таш таппай он в сильной ярости; он рвёт и мечет (букв. он не находит камня, чтобы раскусить);
тиштээрине таш таппай, эр кайраты сонунда фольк. храбрость богатыря такая, что он не находит (врага), на кого бы ринуться;
жанды оозго тиштеп (см. жан II).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тишке салып кысуу, кыса кармоо, көтөрүү. Ит сөөк тиштеп бараткан эле (Шүкүрбеков). Кырк кулактуу казанды, Көтөрүп тиштеп алыптыр («Эр Төштүк»). Кыйын-кезең жылдарда балдарыңды, Сен апа, итче тиштеп бакпадыңбы (Байгазиев). 2. Тиши менен кертүү, бөлүү, үзүү. Чаргын боорсоктун тең жартысын бөлө тиштеп алды (Сыдыкбеков). Аттары асман тиктеген, Арпасын жара тиштеген (Тоголок Молдо). 3. Тиши менен айбат кылуу, кол салуу же коргонуу аракетин жасоо. Ат тиштеп алды. Ит тиштеди. Карышкыр тиштеди. 4. Тиш салып кармоо, басып калуу, өлтүрүү. Өрдөк тиштей турган машке. Сак сагызган түлкүнүн башына барды, Шак эттире түлкү акең тиштеп алды (Шүкүрбеков). 5. Тишке салып кысуу аркылуу териден тигилген кийимдин тигишин жаткыруу. Тондун тигишин тиштеп жаткыруу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Ачуусу келип ызырынганда, каарданганда, кекенгенде же ооруга, кыйноого чыдап чымырканганда тиштерин бири-бирине бекем такап кысуу, үстүнкү тиштери менен астынкы эрдин кыса тиштөө. Кабагын карыш салып тиштенип, эрди уламдан-улам мурчуя берди (Байтемиров). Эрдин кесе тиштенип, Чымындай жанга күч келип («Курманбек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тиште-
1. стиснуть зубы; прикусить верхними зубами нижнюю губу;
эрдин кесе тиштенет он до крови (букв. разрезая) кусает губу;
2. перен. разозлиться, прийти в ярость;
тиштенип күңкүлдө- цедить сквозь зубы (выражая неудовольствие);
тиштенип сүйлө- цедить сквозь зубы (говорить).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тиштерин бек бири-бирине бекем такап кысуу, үстүңкү тиштери менен астыңкы эрдин кыса тиштөө. Эрдин кесе тиштенип, Чымындай жанга күч келип («Курманбек»). 2. өт. Ачуусун тыйып кармануу, чыдоо. Алчактаган «досуңа» тиштенип араң олтурдум («Асаба»). Кабагын карыш салып тиштенип, эрди уламдан-улам мурчуя берди (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от тиште-
заставить взять зубами; заставить укусить;
тайганга тиштет- или неправ. тайган менен тиштет- охот. затравить борзыми;
өткөн жылы ал тайганга жети карышкыр, тогуз түлкү тиштеткен в прошлом году он затравил борзыми семь волков, девять лисиц;
тайгандарга түлкүнү көп тиштетип затравив борзыми много лисиц.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от тиште-;
ок тиштеш- взаимно клясться на стреле или на пуле;
баатырларда салт кана! ок тиштешкен ант кана! фольк. где же обычай у богатырей! где клятва на пуле! (разве её можно нарушать?).