кыш I ир. кирпич; бышпаган кыш сырцовый кирпич; кыш бышыр- или (в эпосе) кыш кайнат- обжигать кирпич; бышырган кыш обожжённый кирпич; кыш куй- делать кирпичи; бок кыш брикет из навоза, кизяк. кыш II зима; кыш чыгып келе жатат зима кончается; зима на исходе; кышында зимой; жайы-кышы зимой и летом, круглый год; кыш-күрөө кирип келди настала зима-стужа; кыш-күрөөдө өлгөн кой овца, павшая в зимние холода; кыш-күрөөдө чапкылап жүрбөй, отун даярдап алгыла чтоб зимой не суетиться, заготовьте топливо.
Iзат. Ылайга топон же саман кошулуп жасалган кирпич. Кыш куюу маселеси чечилди, малчылар өзүбүз куябыз деп милдеттенме алышыптыр (Байтемиров).
КЫШIIзат. Жылдын күздөн кийин келүүчү суук мезгили. Кыш өкүмү баскан менен кырларды, Колхозчуда токчулуктун жыргалы (Осмонов). Жылуу кийим камдайлы, Кыш мезгилде киерге (Тоголок Молдо).
♦Жайы-кышы — жыл бою. Жайы-кышы бирдей салкын абада чымыр өскөн (Сыдыкбеков).
КЫШ: IIIкыш-кыштуур. Демигип, көкүрөк кирилдегенде чыккан сыяктуу дабыш. Онтолой басып, үшкүрө-бышкыра кыш-кыш этишет (Убукеев).
Жылдын төрт мезгилинин эң суук убагын билдирген кыш сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө айтылган ар кандай пикирлер бар (Щербак, 1966, 34). Бул сөз мындайча келип чыккан. Чуваш тилинде хыш сөзү «арт, арткы бөлүгү» маанисин берет (ЧРС, 573). Мына ушул сөз түрк тилдерине кыш түрүндө сакталып, азыркыдай маани билдирип калган. Анткени байыркы түрктөр жылдын башталышы деп күн жылымдай баштаган жаздын келишин эсептеген. Ошондо жылдын эң аяккы, арткы мезгили кыш болгон. Чувашча хыш болуп айтылган сөз түрк, гагауз тилдеринде кыч «арткы, аяккы бөлүгү» болуп дагы эле айтылат. Бирок чуваш тилинде «кышты» хэл сөзү билдире турганын белгилей кетишибиз керек.
Камыштан чий сыяктуу чырмалган калканчы. Жалаң кабат аарчылган камыштан токулган кыша калган, сыртынан күн оңдуруп, ичинен ыш карартып, туурдугу көөнө.
Жылдын күздөн кийин келүүчү суук мезгили. Кыш өкүмү баскан менен кырларды, Колхозчуда токчулуктун жыргалы (Осмонов). Жылуу кийим камдайлы, Кыш мезгилде киерге (Тоголок Молдо).
Кышындагы, кыш мезгилиндеги. Эркелеп салкыныраак закым жүрүп, Чыкыроон кышкы суукта болду карып (Турусбеков). Ай нурунда кышкы түн –Айран төгүп койгондой (Токомбаев).
зимой, всю зиму, в течение зимы; малды, жайкысын Ак-Сай жайлоолорунда багып, кышкысын ошол жерде кыштатат летом он пасёт скот на летних пастбищах Ак-Сай, а зимой - в том месте.
зат. Анчалык көп эмес калк отурукташкан айыл, эл орношкон пункт. Кыштак чакан шаарга айланган (Сыдыкбеков). Тетиги жашыл даракка, Чөмүлгөн колхоз кыштагы (Аалы).
Азыркы кыргыз тилинде кыштак сөзү «калк орношкон пункт» маанисин берет. Азыркы кыштактарда эл жайдыр-кыштыр жашайт. Кыштак алгачкы кезде «эл кыштай турган жер» маанисин гана берген. Мурдагы көчмөн кыргыз элинин турмушунда кыштап чыкчу жери кыштак аталган. Андай кыштай турган жери дайыма эле туруктуу боло берген эмес. Бара-бара кыштай турган жери турукту болуп, ал жерге короо-сарай салып, жайында да анда дыйкандар, кароолчулар жашай турган боло баштап, акыры там-таш салынган туруктуу кыштоолор кыштак аталат. Кыштак сөзү кыш+та+к бөлүктөрүнөн турат. Ал «кыштай турган жер» маанисин берет. Бирок андай мааниси өнүгүп отуруп азыркыдай маани берип калган. Мурдагы мааниси кыштак сөзүнүн аягындагы к тыбыш үндүүгө өткөн кыштоо варианты аркылуу бериле турган болгон. Ошонтип, кыштак менен кыштоо сөздөрү бир эле формадан чыккан менен, эки түрдүү маани бериши аркылуу айырмаланып кеткен.
Iсын. Кыштагы бирге, бир кыштактан, айылдаш.
КЫШТАКТАШIIэтиш. Кыштак салып отурукташуу. Кечээ көчмөн айылым Кыштакташып жаңырган (Бөкөнбаев). Анда эл колхоздошкон менен кыштакташа элек убак (Каимов).
понуд. откышта- заставить или оставить зимовать; мен мал кыштаткан капчыгай ущелье, в котором я зимовал со скотом; ущелье, в котором я оставлял скот на зиму; кыштата в течение зимы, всю зиму; кулундарын кыштата энелери менен бирге талаада багат жеребят вместе с матками он всю зиму пасет в степи; даярдалган тоют мал чарбаны чыгашасыз кыштатып чыгууга мүмкүндүк берет заготовленные корма дают возможность животноводческому хозяйству провести зиму без отхода; Каныбек ара-чолоолоп кыштата окуган Каныбек учился между делом зимой; мен кыштата төшөктө жатып, муунагып калсам керек я зиму пролежал в постели (болел) и, видимо, (от этого) физически ослаб; ичиңе кыштата берет, айтпай (о человеке скрытном) он не говорит, а таит в себе (букв. не высказывая, оставляет в себе на зимовку); айтпасаң, ичиңе кыштат не хочешь сказать, так и не надо (букв. не хочешь сказать, так оставь на зимовку в себе).
и. д. откыштат-; мал кыштатуу ставить скот на зимовку (на зимние пастбища или на стойловый режим); кой кыштатууга чыгарылган овцы отправлены на зимовку.
страд. откыштат-; колхоздун коомдук малдары короо-сарайда кыштатылып жатат общественный скот колхоза зимует в крытых скотных дворах; мурда эч качан мал кыштатылбаган жер место, где прежде никогда не зимовал скот; быйыл мал жакшы кыштатылды в этом году скот хорошо зимовал.
Iзат. Кышында кыштай турган жер. Кара-Кол— жайында жайлоо, кышында кыштоо (Каимов). Эл жайлоодон кайра тартып, кыштоолорго жакындаган кез (Бөкөнбаев).
КЫШТООIIкышта этишинин кыймыл атоочу.
этиш. Кыш-кыш этүү, демигип кыш-кыш этүү. Кыпчы куйрук, жылкычы чымчыктар.. кышылдаган үпүптөр пайда болду («Жаш ленинчи»). Чоң Койчу кышылдап калгандыктан дароо жооп кайтара албады (Жантөшев).
Кыш-кыш этүү, демигүү. Кыпчы куйрук, жылкычы чымчыктар, кышылдаган үпүптөр пайда болду. Чоң Койчу кышылдап калгандыктан дароо жооп кайтара албады (Жантөшев).