Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде кыштак сөзү «калк орношкон пункт» маанисин берет. Азыркы кыштактарда эл жайдыр-кыштыр жашайт. Кыштак алгачкы кезде «эл кыштай турган жер» маанисин гана берген. Мурдагы көчмөн кыргыз элинин турмушунда кыштап чыкчу жери кыштак аталган. Андай кыштай турган жери дайыма эле туруктуу боло берген эмес. Бара-бара кыштай турган жери турукту болуп, ал жерге короо-сарай салып, жайында да анда дыйкандар, кароолчулар жашай турган боло баштап, акыры там-таш салынган туруктуу кыштоолор кыштак аталат. Кыштак сөзү кыш+та+к бөлүктөрүнөн турат. Ал «кыштай турган жер» маанисин берет. Бирок андай мааниси өнүгүп отуруп азыркыдай маани берип калган. Мурдагы мааниси кыштак сөзүнүн аягындагы к тыбыш үндүүгө өткөн кыштоо варианты аркылуу бериле турган болгон. Ошонтип, кыштак менен кыштоо сөздөрү бир эле формадан чыккан менен, эки түрдүү маани бериши аркылуу айырмаланып кеткен.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кышта-
заставить или оставить зимовать;
мен мал кыштаткан капчыгай ущелье, в котором я зимовал со скотом; ущелье, в котором я оставлял скот на зиму;
кыштата в течение зимы, всю зиму;
кулундарын кыштата энелери менен бирге талаада багат жеребят вместе с матками он всю зиму пасет в степи;
даярдалган тоют мал чарбаны чыгашасыз кыштатып чыгууга мүмкүндүк берет заготовленные корма дают возможность животноводческому хозяйству провести зиму без отхода;
Каныбек ара-чолоолоп кыштата окуган Каныбек учился между делом зимой;
мен кыштата төшөктө жатып, муунагып калсам керек я зиму пролежал в постели (болел) и, видимо, (от этого) физически ослаб;
ичиңе кыштата берет, айтпай (о человеке скрытном) он не говорит, а таит в себе (букв. не высказывая, оставляет в себе на зимовку);
айтпасаң, ичиңе кыштат не хочешь сказать, так и не надо (букв. не хочешь сказать, так оставь на зимовку в себе).

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от кыштат-;
колхоздун коомдук малдары короо-сарайда кыштатылып жатат общественный скот колхоза зимует в крытых скотных дворах;
мурда эч качан мал кыштатылбаган жер место, где прежде никогда не зимовал скот;
быйыл мал жакшы кыштатылды в этом году скот хорошо зимовал.