Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде кыштак сөзү «калк орношкон пункт» маанисин берет. Азыркы кыштактарда эл жайдыр-кыштыр жашайт. Кыштак алгачкы кезде «эл кыштай турган жер» маанисин гана берген. Мурдагы көчмөн кыргыз элинин турмушунда кыштап чыкчу жери кыштак аталган. Андай кыштай турган жери дайыма эле туруктуу боло берген эмес. Бара-бара кыштай турган жери турукту болуп, ал жерге короо-сарай салып, жайында да анда дыйкандар, кароолчулар жашай турган боло баштап, акыры там-таш салынган туруктуу кыштоолор кыштак аталат. Кыштак сөзү кыш+та+к бөлүктөрүнөн турат. Ал «кыштай турган жер» маанисин берет. Бирок андай мааниси өнүгүп отуруп азыркыдай маани берип калган. Мурдагы мааниси кыштак сөзүнүн аягындагы к тыбыш үндүүгө өткөн кыштоо варианты аркылуу бериле турган болгон. Ошонтип, кыштак менен кыштоо сөздөрү бир эле формадан чыккан менен, эки түрдүү маани бериши аркылуу айырмаланып кеткен.