Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жылдын төрт мезгилинин эң суук убагын билдирген кыш сөзүнүн келип чыгышы жөнүндө айтылган ар кандай пикирлер бар (Щербак, 1966, 34). Бул сөз мындайча келип чыккан. Чуваш тилинде хыш сөзү «арт, арткы бөлүгү» маанисин берет (ЧРС, 573). Мына ушул сөз түрк тилдерине кыш түрүндө сакталып, азыркыдай маани билдирип калган. Анткени байыркы түрктөр жылдын башталышы деп күн жылымдай баштаган жаздын келишин эсептеген. Ошондо жылдын эң аяккы, арткы мезгили кыш болгон. Чувашча хыш болуп айтылган сөз түрк, гагауз тилдеринде кыч «арткы, аяккы бөлүгү» болуп дагы эле айтылат. Бирок чуваш тилинде «кышты» хэл сөзү билдире турганын белгилей кетишибиз керек.