1. затылок, загривок; чачын желкесин көздөй тарап зачесав волосы назад; желкенин чуңкуру затылочная впадина; көк желке место соединения шеи с затылком; 2. кожа затылка, загривка; жээн эл болбойт, желке тон болбойт погов. жээн (см.) сородичем не станет, загривок на шубу не годится; 3. зад, задняя часть, задняя сторона чего-л.; айылдын желке жагында за аулом; коломтонун желкеси противоположная от входа сторона очага в юрте; коломтонун желкесине келип олтурду он подошёл и сел за очаг (т.е. на почётном месте); желкесинин чуңкуру жок скупой, неотзывчивый; үйүн желкемдин чуңкуру көрсүн! ноги моей у него в доме не будет!; жегени желкесинен чыгарылсын! чтоб ему подавиться (моим, твоим и т.д.) добром!; элдин желкесине минип сидя на шее народа; эксплуатируя народ; желке сугат с.-х. второй полив посевов; желкесинен өткөрө тикте- см.тикте- 1.
зат. I. Моюндун арт жаккы бөлүгү, кежиге.[Эже]..уйпаланган чачын сылап, желкесине кайрыды (Байтемиров). Бай баласы муштап кетсе желкеге, Төгүп жашын, мөгдөп жерди караган (Бөкөнбаев).
2. Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт (макал).
3. Арт жак, бир нерсенин арка жагы.Айылдын желке жагында. Копер мунарасы дөбөнүн желкесинде болучу (Сасыкбаев). Бул таштын желкесине салган короо (Маликов).
Өзүнчө эмгектенбей, бирөөгө салмагын салып, анын эсебинен кун көрүү. Өзүңчө эмгектенсең боло, качанкыга чейин биздин желкебизге минесиң, биз да карыдык, - деп атам жемелей баштады («Ленинчил жаш»).
Өзүнчө эмгектенбей, бирөөгө салмагын салып, анын эсебинен күн көрүү. Өзүңчө эмгектенсең боло, качанкыга чейин биздин желкебизге минесиң, биз да карыдык, – деп атам жемелей баштады.
этиш.1. Желкеден алуу, желкеден кармоо.
2. Бирөөнү алдына салып айдап алуу, бир жакка барууга, иштөөгө, айтканына көнүүгө аргасыз кылуу. Солдат Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). «Баскын» деп айдап желкелеп, Салды токой жолуна (Токтогул).
1. идти сзади; кырк желдетим жетелеп, кырк увазир желкелеп фольк. сорок моих телохранителей впереди, сорок министров позади; 2. нести на загорбке; желкелеп алып кет- унести, посадив себе на шею, на загорбок; 3. бить по затылку, по загривку; эми желкелеп мени минбейсиң фольк. (говорит конь) теперь ты уже не будешь ездить на мне и хлестать по загривку; кайын энем урса желкелеп, солубайбы жаш өмүр убагы-нан эртелеп! фольк. разве не завянет рано моя молодая жизнь, если свекровь будет бить по затылку!; 4. сев. с.-х. давать посевам второй полив.
1. Желкеден алуу, желкеден кармоо. Томаякты желкелеп, Бай көрсөткөн мушту айт (Барпы). 2. Бирөөнүн артынан түшүп, ыкыстатып, демитип алуу, алдына салып айдап алуу. Каныбекти желкелеп айдап жөнөдү (Жантөшев). Баскын деп айдап желкелеп, Салды токой жолуна (Токтогул). 3. Ыкыстатып жакын кирип келүү, аз калуу, жакын калуу, чукулдап калуу. Ошентип бул окуя жашым алтымыштан ашып, жетимишти желкелей барганда башыма келип отурат («Чалкан»).
Көргүм келбейт, экинчи муну көрбөйүн, мындан ары көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Экинчи бул жерди желкемдин чуңкуру көрсүн (Бөлөкбаев). Адам сөөктөрүн көргөндө көздөрү чанагынан чыгып, экинчи желкемдин чуңкуру көрсүн деп, качып жүргөндөр андан көп (Бейшеналиев). Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев). В.: Көрөйүн деген көз желкенин чуңкурунда. Базарбайдын Акылбекти көрөйүн деген көзү желкесинин чуңкурунда.
Такыр көрбөйүн, ага кайрылбайын, экинчи көргүлүк кылбасын деген мааниде колдонулат. Паризек ал жерди желкемдин чуңкуру көрсүн деп, баягы эле көнгөн ишинде калган (Ашымбаев). Аларды желкемдин чуңкуру көрсүн, жүздөрү курусун (Тойбаев).
Ачуусу келүү, тырчый түшүү. Желкеңиз тырышпасын тууган. Сиздин оюңузча, ал киши оокат да жебесинби? («Чалкан»). Менин тилимен чыкпаган Субандын бул ишине таң калып, желкем тырыша түштү. Көрсө, сууну ылайлаган киши бар экен (Жантөшев).
Ачуусу келуу, тырчый түшүү. Желкеңиз тырышпасын тууган. Сиздин оюңузча, ал киши оокат да жебесинби? («Чалкан»). Менин тилимен чыкпаган Субандын бул ишине таң калып, желкем тырыша түштү. Көрсө, сууну ылайлаган киши бар экен (Жантошев).