Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (в эпосе) кузнец (он же и оружейник; специальность эта высоко ценилась в войсках тюркских и монгольских народов; кузнецы-оружейники пользовались особыми привилегиями; отсюда древнерусские "тархан", "тарханная грамота");
кылдың беле кылычты, даркан? соктуң беле соотту, даркан? фольк. сделал ли ты меч, кузнец? выковал ли ты панцирь, кузнец?
2. перен. уважаемый, славный, почётный;
"ак жибектен эштирип, аркан кылам", дейт эдең;
"аз гана кыргыз элиңди даркан кылам" дейт эдең фольк. южн. ты говаривал, мол, я прикажу сучить верёвки из белого шёлка; ты говаривал, мол, малочисленный киргизский народ сделаю славным;
элиңдин болгун дарканы фольк. сев. будь уважаемым в своём народе;
кечээ - жетим, бир кыргыздын баласы, бүгүн - даркан, тууган элдин баласы стих. вчера (ты) - сирота, сын одного киргиза, сегодня (ты) - славный сын родного народа;
чоң Манастын тушунда, даркан өскөн жан эле фольк. во времена великого Манаса он рос окружённый почётом;
адырында аркар көп, адамында даркан көп фольк. на взгорьях там много архаров, в народе там много славных.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Даркан (Дархан) — Жети-Өгүз районундагы айыл. Түбү монгол сөзү. Кыргыз лексикасында темир уста, жарак-жабдык согуучу темир уста катары белгилүү. Сөздүн ушул маанисин негиз кылып алганда, Ысык-Көлдүн жээгинде бир кездерде темир иштетилгендиги жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды жергиликтүү топонимдер да ырастайт. Буга монгол доорунда Ысык-Көл «Темирту-Нор» деп аталгандыгы дагы кошумча негиз берет.  

Ч. Валиханов жазып алган «Манас» эпосунда Манастын тапшырмасы боюнча төкөр уста Даркан ак болот кылыч жасап берет. Жолойду Манас ошол кылыч менен чаап өлтүрөт. Башка варианттарда Манастын негизги куралдарын Бөлөкбай уста жасайт. 

Сагымбай Орозбаковдун айтымындагы Манас эпосунда «Даркан»  кыргыз урууларынын биринин мекени катары белгилүү. Географиялык реалияда бул Дархан Монгол Республикасынын түндүгүндөгү шаар.

Д. Исаев. Жер-суу аттарынын сыры

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДАРКАН — эпизоддук кейипкер, белгилүү уста. Валиханов жазып алган эпизоддо Манастын тапшырмасы боюнча төкөр уста Д. ак болот кылыч жасап, Жолой менен Коңурбайдын соңунан казатка жөнөмөк болгон Манаска өзү жеткирип берет. Жолойду Манас ошол кылыч менен чаап өлтүрөт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 93, 95-б.). Башка варианттарда Манастын негизги куралдарын Бөлөкбай уста жасайт, к. Бөлөкбай.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДАРКАН, Дархан— топоним, эпос боюнча кыргыз урууларынын биринин мекени экени гана белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 1. 192; 4. 63, 130). Географиялык реалияда МЭРдин түндүгүндөгү шаар. Кыргызстандын көл кылаасындагы аты уйкаш кыштакка дал келет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Согуштук куралдарды жасоочу уста (көбүнчө баатырлык эпостордо). Кылдың беле кылычты, даркан, Соктуң беле соотту, даркан («Манас»). 2. өт. Ардактуу, касиеттүү, ыйык, кадырлуу, сыймыктуу. Эр Манас сындуу жоо сайып, Элиңдин болгун дарканы (Бөкөнбаев). Жергеме, даркан бул балам, Жеңиштин болот ырышы (Бөкөнбаев). 3. арх. Орто кылымдагы түрк кандарынын наамы. 4. Орто Азияда, Кавказ өрөөндөрүндө ж. б. феодалдардын мамлекет салыгынан бошотулган жер-суусу, мал-мүлкү.