Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Согуштук куралдарды жасоочу уста (көбүнчө баатырлык эпостордо). Кылдың беле кылычты, даркан, Соктуң беле соотту, даркан («Манас»). 2. өт. Ардактуу, касиеттүү, ыйык, кадырлуу, сыймыктуу. Эр Манас сындуу жоо сайып, Элиңдин болгун дарканы (Бөкөнбаев). Жергеме, даркан бул балам, Жеңиштин болот ырышы (Бөкөнбаев). 3. арх. Орто кылымдагы түрк кандарынын наамы. 4. Орто Азияда, Кавказ өрөөндөрүндө ж. б. феодалдардын мамлекет салыгынан бошотулган жер-суусу, мал-мүлкү.