ДАРКАН
Энциклопедия "Манас". ч.1.ДАРКАН, Дархан— топоним, эпос боюнча кыргыз урууларынын биринин мекени экени гана белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 1. 192; 4. 63, 130). Географиялык реалияда МЭРдин түндүгүндөгү шаар. Кыргызстандын көл кылаасындагы аты уйкаш кыштакка дал келет.