Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДАРКАН — эпизоддук кейипкер, белгилүү уста. Валиханов жазып алган эпизоддо Манастын тапшырмасы боюнча төкөр уста Д. ак болот кылыч жасап, Жолой менен Коңурбайдын соңунан казатка жөнөмөк болгон Манаска өзү жеткирип берет. Жолойду Манас ошол кылыч менен чаап өлтүрөт (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 93, 95-б.). Башка варианттарда Манастын негизги куралдарын Бөлөкбай уста жасайт, к. Бөлөкбай.