Даркан
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека СааданбековаДаркан (Дархан) — Жети-Өгүз районундагы айыл. Түбү монгол сөзү. Кыргыз лексикасында темир уста, жарак-жабдык согуучу темир уста катары белгилүү. Сөздүн ушул маанисин негиз кылып алганда, Ысык-Көлдүн жээгинде бир кездерде темир иштетилгендиги жөнүндөгү тарыхый маалыматтарды жергиликтүү топонимдер да ырастайт. Буга монгол доорунда Ысык-Көл «Темирту-Нор» деп аталгандыгы дагы кошумча негиз берет.
Ч. Валиханов жазып алган «Манас» эпосунда Манастын тапшырмасы боюнча төкөр уста Даркан ак болот кылыч жасап берет. Жолойду Манас ошол кылыч менен чаап өлтүрөт. Башка варианттарда Манастын негизги куралдарын Бөлөкбай уста жасайт.
Сагымбай Орозбаковдун айтымындагы Манас эпосунда «Даркан» кыргыз урууларынын биринин мекени катары белгилүү. Географиялык реалияда бул Дархан Монгол Республикасынын түндүгүндөгү шаар.