Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. базар, рынок;
кан базар уст. большой базар (многолюдный и богатый товарами);
ат базар конский базар;
чолок базар уст. офенская торговля (когда бродячий торговец-разносчик раскладывал свои товары в чьей-л. юрте);
жармаңке базар ярмарка;
балалуу үй базар, баласыз үй - мазар погов. дом с детьми - базар (оживлённый), дом без детей - кладбище (тихий, скучный);
базар - бай, барган - кедей погов. базар - богач, кто идёт туда - бедняк (по сравнению с теми богатствами, которые он там видит);
базарда миң киши бар, ар кнми сүйгөнүнө салам берёт погов. на базаре тысяча человек, (а) каждый приветствует того, кого любит;
базарга сал- поставлять что-л. на рынок (для продажи);
базар көтөрбөгөн мал неходовой (по цене) товар;
байланып жаткан базар
1) застойный рынок (застойная торговля);
2) перен. замершая жизнь, прекратившееся оживление;
базардын баасын ач-
1) ист. разрешить открыть торговлю, установив цены (в прежние времена торговец, приезжавший в аул, получал разрешение у представителя местной власти, с которым договаривался и о ценах);
2) перен. вывести из затруднения; явиться причиной избавления от невзгод;
3) перен. внести оживление;
ак жолтой Бакай мен элем, байланып жаткан базардын баасын ачкан кул элем фольк. ведь это был я, принесший счастье Бакай, ведь это был я - тот человек (букв. раб), который оживил замершую жизнь;
2. перен. оживление, веселье;
жигиттиктин бир кезде өтүп кетти базары стих. прошло когда-то и веселье молодости;
базары ачылды там началось оживление, там началась оживлённая деятельность;
базар кылып кел- съездить куда-л., чтобы развлечься;
Токмокко барып, базар кылып келдим я съездил в Токмак и поразвлёкся;
базар киши человек с достатком и хлебосольный;
базары түштү дела его очень плохи;
барса - базар, келсе - кербен погов. пойдёшь - базар, придёшь - караван (о родственниках, у которых дом полная чаша и хлебосольный);
менин энем барса - базар, келсе - кербен эмес беле? а разве дом моей матушки не (был) полная чаша и она не славилась хлебосольством?
базар кылып ал- относиться любовно, пестовать, лелеять;
эжеке, сени мен өзүм базарым кылып алармын фольк. я тебя, сестрица, буду уважать и лелеять (ты будешь радостью моей жизни);
базар үйүн көрбөй кал! проклятие чтоб тебе не видать благодатных родных мест!;
барсаң, кайра келбейсиң, базар үйүң көрбөйсүң фольк. если поедешь туда, не вернёшься, благодатных мест родных не увидишь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Соода-сатык жүргүзүлүүчү жай. Мал базар. Китеп базары.
2. өт. Чогулган элдин бака-шака, дуудуу сүйлөшүүсү.
3. өт. Бакыт, кубаныч, кызык; өмүрдүн жакшы кези. Жигиттиктин бир кезек, Өтүп кетти базары (Тоголок Молдо).
Базары көтөрүлүү — бактысы ачылуу, иши илгерилөө. Базары жүрбөй калуу — мааниси кетүү, иши жүрбөй калуу. Базар көтөрбөгөн мал — өтпөгөн, эч ким сурабаган мал.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү күндөрдө, көбүнчө дем алыш күндөрүндө болуп, калкка кеңири керектелүүчү товарлар, азык-түлүк ж. б. сатылуучу соода-сатык. Жума базар. Жекшемби базар. Салык досунукуна көп эле каттайт. Бирок дайыма эртең базар деген күнү гана келет (Каимов). Үйүмдө канча жыйган мүлкүм болсо, Чыгарып базар сайын баарын саттым (Шамшиев). Отунду сатып базарга Эптеп жанды багабыз (Жантөшев). // Соода-сатык жүргүзүлүүчү жай. Колхоз базары. Мал базары. Көйнөксүз эрдин бир тобун Көк базардан табасың (Шүкүрбеков). 2. Майрам күндөрүнүн алдында же мезгил-мезгили менен белгилүү бир товарлар боюнча жүргүзүлүүчү соода-сатык. Китеп базары. Жаңы жылдык базар. 3. өт. Ызычуу, дуу-дуу. Бардыгы бет алдынча сүйлөй берип, үй ичи базар болуп кетти. 4. өт. Күч-кубаты толуп турган жаш курак, кызыктуу мезгил. Эңиштеди базарым, эстегенде капамын (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Базарлап келген адамдын үйүнө алып келүүчү белеги, бир жактан арнап алынган белек, кант, набат сыяктуу ар кандай даам-татым. Салык базарлыктарын алып болуп, тамактануу үчүн столовойго кирди (Каимов). – Сен канчадан бери Гүлайымга базарлык жибере турган болуп калдың? – деди Токтор (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. тот, кто был на базаре или, тот, кто едет на базар для совершения торговой сделки;
түш кыйшая бергенде базарчылардын алды тарай баштады когда перевалило за полдень, начали разъезжаться те, что первыми приехали на базар;
2. уст. торговец, разъезжавший по базарам или по аулам;
алыс менен жууктун ченин билген базарчы стих. торговец, который, разъезжая по ближним и дальним базарам, знает всё ближнее и дальнее;
бадачы болсоң, - мал мына, базарчы болсоң, - эл мына фольк. если ты пастух,- вот тебе скот, если ты торговец, - вот тебе народ (можешь торговать).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Базарлоого барган адам. Түш кыйшая бергенде базарчылардын алды тарай баштады (Жантөшев). || Базарга көп барып, базарда соода-сатык жүргүзүүчү адам. Арзан менен кымбаттын ченин билген базарчы (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бак-таалайы ачылуу, иши оңоло баштоо, иши илгерилөө. Санамбүбүнүн базары көтөрүлүп, мына ушул Токбайга туш келди (Жантөшев). В.: Базары ачылуу. Ачылар бекен базарым Мен ушуга капамын (фольк.). Базары жүрүү. Базары жүрүп турганда кимдин көзү ала чакмактабайт (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Убагы, учуру, мезгили өтүп кетүү. Оттой ойноо, желдей тентек жаш кыздар жетпесе, биздей уул-кыздын энеси болуп калган, базары тараган катынга атаңар эми ыраазы беле, катыгүн (Сыдыкбеков). В.: Базары өтүү. Башынан базары өткөн кишинин эмдиги калган тиричиликтен эч кандай кызыкчылык күтпөй турганы белгилүү (Укаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши онунан чыкпоо, максатына жетпөө, иши кыйчалыштоо. Кантем? Базарым тарыды ээ, көктөйүмдөн багым байланды ээ? (Сыдыкбеков). В.: Базары эңиштөө. Эңиштеди базарым, эстегенде капамын (Токтогул). Базары байлануу. Жаштайынан базары байланып, зордук менен көп аялдын үстүнө тийген токолдордун башын ачабыз (Бейшеналиев).