Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Өнүп чыгуу, өнүп чыгып жетиле берүү, өнүгө берүү. Калың чөптөр бой тирешкен, Түркүн сонун гүл өскөн (Бөкөнбаев). — Булар [көчөттөр] өсүп шактаса, кыштактын көркү болот (Убукеев).
2. Чоңоюу, улам жетилүү. Тең туулуп, тең өскөн, Темтеңдеп ойноп жаш кезден («Олжобай менен Кишимжан»). Ташбай аке бак-дарак асырап өскөн багбан адам (Сыдыкбеков).
3. өт. Өркүндөө, жогорулоо; өнүгүү, өрчүү, илгерилөө, алга кетүү. Октябрдын жалынынан төрөлгөн Жаңы кыргыз өнүп, өсүп көгөргөн (Аалы). [Жүкөш] окуду, өстү, бүткүл кенден чыккан сулуу кызга да үйлөндү (Сасыкбаев).
4. өт. Көбөйүү, артуу, арбуу, жогорулоо. [Жети жылдыкта] колхозчулардын кирешелеринин өсө тургандыгы каралган («Советтик Кыргызстан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
прям. , перен.
расти;
карагай жай өсөт ель растёт медленно;
Кыргызстанда апельсин өспөйт в Киргизии апельсины не растут;
ал бир топ өсүп калды он значительно вырос, значительно подрос;
бир ай ичинде козулар бир топ өсүп калды за месяц ягнята значительно выросли;
асыл тукумдуу малдын саны өсүп турат количество породистого скота увеличивается;
бардык иштерде өлкөбүздүн кадыр-баркы ченемсиз өстү авторитет нашей страны повсюду безмерно вырос;
ал, өсүп, мугалиминен өтүп кетти он превзошёл своего учителя (в знаниях);
өсөр тот, кому суждено или предстоит преуспевать, развиваться;
өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт погов. кому суждено расти (преуспевать), тот своего уважает, кому не суждено расти (преуспевать), тот чужака уважает;
өсөрү кетип, өлөрү калган или өсөрү калган жок, өлөрү калды его песенка спета, ему уже недолго осталось жить;
өсөрүм калган жок, өлөрүм калды, кантип сага калп айтайын? как тебе врать буду, когда жить мне недолго, время умирать?

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өнүп чыгуу, өнүп чыгып жетиле берүү, өнүгө берүү. Калың чөптөр бой тирешкен, Түркүн сонун гүл өскөн (Бөкөнбаев). – Булар көчөттөр өсүп шактаса, кыштактын көркү болот (Убукеев). 2. Чоңоюу, улам жетилүү. Тең туулуп, тең өскөн, Темтеңдеп ойноп жаш кезден («Олжобай менен Кишимжан»). Ташбай аке бак-дарак асырап өскөн багбан адам (Сыдыкбеков). 3. өт. Өркүндөө, жогорулоо; өнүгүү, өрчүү, илгерилөө, алга кетүү. Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт (макал). Жүкөш окуду, өстү, бүткүл кенден чыккан сулуу кызга да үйлөндү (Сасыкбаев). 4. өт. Көбөйүү, артуу, арбуу, жогорулоо. Келерки жылда кирешелердин өсө тургандыгы каралган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
өсөк I
(неправ. өзөк)
сплетня, хула, пересуды;
өсөк айт- или өсөк кыл- хулить, делать предметом сплетен, пересудов;
өсөккө кал- стать предметом сплетен, пересудов;
адам укпас бир далай мага айтпадыбы өсөктү? фольк. разве он не хулил меня так, что человеку даже слушать невозможно?
чуу куйрук чуркап өтүп кеткен чакта изинен өзөк (читай өсөк), жала, ушак өнгөн стих. когда мимо пробегает смутьян, следом за ним растёт хула, клевета, сплетня.
өсөк II
то же, что өзөк I, ач өсөк
тяньш.
прожорливый.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бойго жетип, толо элек балдар (12—16 жаштар чамасындагы эркек балдар жана кыздар). Он төрттөн он бешке караган өспүрүм кези. Өспүрүм балдар.. ар нерсеге дилгир, зирек келет («Ала-Тоо»).
2. Өсүп келе жаткан жаштар, жаш жеткинчектер. Өспүрүм жаңы муундарды тарбиялоодо эң маанилүү роль советтик мектепке таандык («Коммунист»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бойго жетип, толо элек балдар (12–16 жаштар чамасындагы эркек балдар жана кыздар). Он төрттөн он бешке караган өспүрүм кези. Өспүрүм балдар ар нерсеге дилгир, зирек келет («Ала-Тоо»). 2. Өсүп келе жаткан жаштар, жаш жеткинчектер. Өспүрүм жаңы муундарды тарбиялоодо эң маанилүү роль мектепке таандык.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Чоң суудан бөлүнүп алынган сугат каналы, чоң арык. Электр станциясына суу агызчу өстөн казылат (Сыдыкбеков). Кичинекей булактардан чоң өстөн куралгандай ой-сезим кеңиди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чоң суудан бөлүнүп алынган сугат каналы, чоң арык. Электр станциясына суу агызчу өстөн казылат (Сыдыкбеков). Кичинекей булактардан чоң өстөн куралгандай ой-сезим кеңиди (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от өс-
растить, выращивать, взращивать;
короого бак өстүрдүм я вырастил сад у себя во дворе;
он бала төрөгөн, тарбиялап (или багып) өстүргөн она родила и вырастила десятерых детей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өсүү жөндөмдүүлүгү, өсүү ылдамдыгы, өсүү сапаты, касиети. Өсүмү ылдам чач. Картошканын жаңы сортунун өсүмү жакшы экен. 2. Карызга же пайдаланууга берилген нерсенин пайызы, сүтү. Өсүмгө берүү. Күзгө өсүмгө берилген согум.

Киргизско-русский словарь Юдахина

растение;
көп жылдык өсүмдүк -- многолетнее растение;
техникалык өсүмдүктөр  --технические культуры;
май өсүмдүктөрү или май чыга турган өсүмдүктөр -- масличные культуры;
дары-дармек есүмдүктөрү -- лекарственные растения.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)

зат. Абанын жана жер кыртышынын органикалык эмес заттары менен азыктанып органикалык заттарды пайда кылуучу жана кандайдыр бир орунда өсүүчү организм. Ал кашатта кардай болуп агарган узун-узун тилкелер, алар дары-дармек өсүмдүктөрү (Абдумомунов). Аянты өсүп, Дандар толук себилет. Эчен жаңы өсүмдүктөр эгилет (Турусбеков).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
өсүмдүк, өсүмдүгү, өсүмдүккө
өсүмдүк бити
өсүмдүк буласы
өсүмдүк даты (бот.)
өсүмдүк дүлөйү (бот.)
өсүмдүк зыянкечтери
өсүмдүк илдети
өсүмдүк кабыгы (бот.)
өсүмдүк коргоо
өсүмдүк майлары
өсүмдүк рагы
өсүмдүк селекциясы
өсүмдүк сүтү
өсүмдүк түтүктөрү
өсүмдүк физиологиясы
өсүмдүк формациясы
өсүмдүк экологиясы
өсүмдүктөгү суу алмашуу
өсүмдүктөр географиясы
өсүмдүктөр дүйнөсү
өсүмдүктөрдүн кыймылы
өсүмдүктөрдүн тынымы
өсүмдүктү чыйралтуу
өсүмдүктүн соолушу
өсүмдүктүн суукка чыдамдуулугу
өсүмдүктүн чаңдашуусу
өсүмдүктүн шорго чыдамдуулугу
өсүмдүктүн ысыккачыдамдуулугу

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абанын жана жер кыртышынын органикалык эмес заттары менен азыктанып органикалык заттарды пайда кылуучу жана кандайдыр бир орунда өсүүчү организм. Ал кашатта кардай болуп агарган узун-узун тилкелер, алар дары-дармек өсүмдүктөрү (Абдумомунов). Аянты өсүп, Дандар толук себилет. Эчен жаңы, Өсүмдүктөр эгилет (Турусбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮК (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектиси катары) – күндүн кубаттуулугун пайдалануу менен, органикалык эмес кошулмалардан органикалык заттарды чаңдаштырууга жөндөмдүү жакындашуусуз тукумдоо, уруктар жана вегетативдик бөлүкчөлөр аркылуу көбөйүүчү (козукарын, эңилчек, балыр, гүлсүз өсүмдүктөр) организмдер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨР ДҮЙНӨСҮ (өсүмдүктөр) – жер бетинде же анын айрым аймактарында өсүп турган, алардын саны жана өсүмдүктөрдүн артүркүн топтору, алардын аймактары, түзүмү жана өнүгүүсү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жашоо тариздери менен мүнөздөлгөн, табигый курамы, түзүмү, абалы жана мааниси аркыл, жаралуу мезгили артүркүн жана фитоценогенездин арбашка бөлүмдөрүнө бириктирилген өсүмдүктөрдүн же өсүмдүк түркүмдөрүнүн жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨР ДҮЙНӨСҮНҮН ОБЪЕКТИСИ (же табигый өсүмдүктөр байлыгы) – жер бети менен жер астында жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн баардык түрлөрү: тамырлар, уруктар, гүлдөр, чөптөр, дары-дармек жана техникалык өсүмдүк заттары, жапайы мөмөлөр, козукарындар, жемиштер, жаңгактар, мистелер, чычырканактар, сейрек жана жоголуп бараткан өсүмдүктөр, дарактар, дарак тобундагылар, бадалдар, мажүрүм талдар, камыштар, ошондой эле эңгилчектер, суу өсүмдүгү, балырлар ж. б. у. с. Ө. д. о. өзара төмөндөгүдөй бөлүнөт: а) арналышы боюнча – азык-түлүк, тоют, дары-дармек, техникалык; б) таралышы боюнча – жалпы таралган, таралышы чектелген, сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан өсүмдүктөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ЖАЛПЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ – туруктуу саны же көбөйүп кетүүсү менен түшүмдүүлүктүн азайышына же айылчарба өнүмдөрүнүн сапаттык жактан начарлашына алып келе турган зыянкечтер.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: мал өсүмдүү жер место, удобное для скота; место, где скот хорошо плодится и жиреет;
эли жарыйт эгинге, мал өсүмдүү жерине стих. народ процветает посевами, землёй, удобной для скота;
көңүлү өсүмдүү он радостен, весел.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Темп прироста (Rate surplus) —Отношение прироста величины экономического показателя за определенный период времени к его исходному уровню, измеряемое в относительных величинах или в процентах.  
Өсүш арымы Темп роста (Growth rate) —Отношение величины экономического показателя в данное время к его исходному значению, принятому за базу отсчета, измеряемое в относительных величинах или в процентах.