Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өсүү жөндөмдүүлүгү, өсүү ылдамдыгы, өсүү сапаты, касиети. Өсүмү ылдам чач. Картошканын жаңы сортунун өсүмү жакшы экен. 2. Карызга же пайдаланууга берилген нерсенин пайызы, сүтү. Өсүмгө берүү. Күзгө өсүмгө берилген согум.

Киргизско-русский словарь Юдахина

растение;
көп жылдык өсүмдүк -- многолетнее растение;
техникалык өсүмдүктөр  --технические культуры;
май өсүмдүктөрү или май чыга турган өсүмдүктөр -- масличные культуры;
дары-дармек есүмдүктөрү -- лекарственные растения.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)

зат. Абанын жана жер кыртышынын органикалык эмес заттары менен азыктанып органикалык заттарды пайда кылуучу жана кандайдыр бир орунда өсүүчү организм. Ал кашатта кардай болуп агарган узун-узун тилкелер, алар дары-дармек өсүмдүктөрү (Абдумомунов). Аянты өсүп, Дандар толук себилет. Эчен жаңы өсүмдүктөр эгилет (Турусбеков).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
өсүмдүк, өсүмдүгү, өсүмдүккө
өсүмдүк бити
өсүмдүк буласы
өсүмдүк даты (бот.)
өсүмдүк дүлөйү (бот.)
өсүмдүк зыянкечтери
өсүмдүк илдети
өсүмдүк кабыгы (бот.)
өсүмдүк коргоо
өсүмдүк майлары
өсүмдүк рагы
өсүмдүк селекциясы
өсүмдүк сүтү
өсүмдүк түтүктөрү
өсүмдүк физиологиясы
өсүмдүк формациясы
өсүмдүк экологиясы
өсүмдүктөгү суу алмашуу
өсүмдүктөр географиясы
өсүмдүктөр дүйнөсү
өсүмдүктөрдүн кыймылы
өсүмдүктөрдүн тынымы
өсүмдүктү чыйралтуу
өсүмдүктүн соолушу
өсүмдүктүн суукка чыдамдуулугу
өсүмдүктүн чаңдашуусу
өсүмдүктүн шорго чыдамдуулугу
өсүмдүктүн ысыккачыдамдуулугу

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абанын жана жер кыртышынын органикалык эмес заттары менен азыктанып органикалык заттарды пайда кылуучу жана кандайдыр бир орунда өсүүчү организм. Ал кашатта кардай болуп агарган узун-узун тилкелер, алар дары-дармек өсүмдүктөрү (Абдумомунов). Аянты өсүп, Дандар толук себилет. Эчен жаңы, Өсүмдүктөр эгилет (Турусбеков).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮК (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектиси катары) – күндүн кубаттуулугун пайдалануу менен, органикалык эмес кошулмалардан органикалык заттарды чаңдаштырууга жөндөмдүү жакындашуусуз тукумдоо, уруктар жана вегетативдик бөлүкчөлөр аркылуу көбөйүүчү (козукарын, эңилчек, балыр, гүлсүз өсүмдүктөр) организмдер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨР ДҮЙНӨСҮ (өсүмдүктөр) – жер бетинде же анын айрым аймактарында өсүп турган, алардын саны жана өсүмдүктөрдүн артүркүн топтору, алардын аймактары, түзүмү жана өнүгүүсү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жашоо тариздери менен мүнөздөлгөн, табигый курамы, түзүмү, абалы жана мааниси аркыл, жаралуу мезгили артүркүн жана фитоценогенездин арбашка бөлүмдөрүнө бириктирилген өсүмдүктөрдүн же өсүмдүк түркүмдөрүнүн жыйындысы.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨР ДҮЙНӨСҮНҮН ОБЪЕКТИСИ (же табигый өсүмдүктөр байлыгы) – жер бети менен жер астында жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн баардык түрлөрү: тамырлар, уруктар, гүлдөр, чөптөр, дары-дармек жана техникалык өсүмдүк заттары, жапайы мөмөлөр, козукарындар, жемиштер, жаңгактар, мистелер, чычырканактар, сейрек жана жоголуп бараткан өсүмдүктөр, дарактар, дарак тобундагылар, бадалдар, мажүрүм талдар, камыштар, ошондой эле эңгилчектер, суу өсүмдүгү, балырлар ж. б. у. с. Ө. д. о. өзара төмөндөгүдөй бөлүнөт: а) арналышы боюнча – азык-түлүк, тоют, дары-дармек, техникалык; б) таралышы боюнча – жалпы таралган, таралышы чектелген, сейрек кездешүүчү, жоголуп бараткан өсүмдүктөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨСҮМДҮКТӨРДҮН ЖАЛПЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ – туруктуу саны же көбөйүп кетүүсү менен түшүмдүүлүктүн азайышына же айылчарба өнүмдөрүнүн сапаттык жактан начарлашына алып келе турган зыянкечтер.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: мал өсүмдүү жер место, удобное для скота; место, где скот хорошо плодится и жиреет;
эли жарыйт эгинге, мал өсүмдүү жерине стих. народ процветает посевами, землёй, удобной для скота;
көңүлү өсүмдүү он радостен, весел.