ӨС
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Өнүп чыгуу, өнүп чыгып жетиле берүү, өнүгө берүү. Калың чөптөр бой тирешкен, Түркүн сонун гүл өскөн (Бөкөнбаев). – Булар көчөттөр өсүп шактаса, кыштактын көркү болот (Убукеев). 2. Чоңоюу, улам жетилүү. Тең туулуп, тең өскөн, Темтеңдеп ойноп жаш кезден («Олжобай менен Кишимжан»). Ташбай аке бак-дарак асырап өскөн багбан адам (Сыдыкбеков). 3. өт. Өркүндөө, жогорулоо; өнүгүү, өрчүү, илгерилөө, алга кетүү. Өсөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт (макал). Жүкөш окуду, өстү, бүткүл кенден чыккан сулуу кызга да үйлөндү (Сасыкбаев). 4. өт. Көбөйүү, артуу, арбуу, жогорулоо. Келерки жылда кирешелердин өсө тургандыгы каралган.