Киргизско-русский словарь Юдахина
түз I
1. прямой; стройный;
түз жол прямая дорога;
түз сызык прямая линия;
түз таяк прямая палка;
түз терек стройный тополь;
түз катар стройный ряд;
колумдагы калемим - ак бараңдын түзүндөй стих. калем (см.), что в моей руке, прямой, как фабричное ружьё;
2. ровный, плоский; равнина;
түз жер ровное (без холмов и впадин) место;
ат чабым эмес, тай чабым түз жок (здесь) нет ровного места не только на расстояние скачек коней, но даже и одногодков (см. чабым);
түндө түздөй, күндүз кыздай загадка ночью ровное, днём будто девушка (отгадка жууркан одеяло - ночью разостлано, днём закатано, т.е. ведёт себя скромно);
3. перен. честный, правильный;
өз таалайың түз болсо, адамдын эрегиши не кылмак эле? өзүң түз бол если твоя жизнь (букв. твоя судьба) правильна, то что тебе может сделать склока? будь сам честен;
түз провод прямой провод;
түз баруучу поезд поезд прямого сообщения;
сөздүн түз мааниси прямое значение слова;
түздөн-түз милдет прямая обязанность;
түздөн-түз шайлоо прямые выборы;
түздөн-түз айт- сказать прямо, напрямик;
түздөн-түз же кыйыр түрдө прямо или косвенно (не прямо, так косвенно);
түз кыл- уничтожить, погубить;
өз журтуна кол салды, кыйлабызды кылды түз фольк. на свой народ он напал, многих из нас уничтожил;
сенин түп коргонуң түз кылам фольк. твою крепость я уничтожу;
түз бол- погибать;
катылганы түз болгон, сайгандары миң болгон фольк. кто нападал на него, погибал, заколотых им была тысяча;
түз болгур или түз болгон неладный (он, ты и т.д.), чтоб тебе (ему и т.д.) пропасть;
ийри отуруп, түз кеңешели сядем-ка рядком да поговорим ладком (букв. сядем-ка криво, поговорим-ка прямо);
кадыр-көңүл түз келген жер приятное место (напр. дом или семья, где приятно бывать);
түз бүркүт охот. взрослый беркут;
түзгө отур- отправлять естественные надобности, сесть "по большому".
түз II
то же, что түс.
түз- III
налаживать, устраивать; составлять;
катар түз- ставить в ряд, строить ряды;
план түз- составлять план;
сөздүк түз- составлять словарь;
шарт туз- создавать условия (напр. для работы).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Тегиз, өөдүк-сөөдүгү жок, уңкул-чуңкулу жок. Түз талаа. Түз жер.
2. Ийри-буйру эмес, кыйшык же иймейиңки эмес, шыргыйдай. Түз жол. Түз көчө. Түз жыгач.
3. Туптуура, тикеден-тике. Кулбаш түз эле Ражабдын иштеп жаткан жерине барып түштү (Абдукаримов).
4. Тегиз жер, мейкиндик. Түздөн торгой чуркурап («Сейтек»). Мелтиреген түз экен, Бет алып качар бел да жок («Манас»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
камчы өрүмүнүн учун бекитүү. Майда өрүмдүн учун жанып кетпегендей түйүү. Өрүмчүлөр өрүм бүтө жаздап калганда өзүнчө ичке көк тилип алып, өзөктү шибеге менен көзөп, андан өткөрүп, көктүн эки учун теңдеп туруп, көк илме чалма (ычкыр-ичкур) чалынат. Ал чалмадан эки көк, илмесинен да эки көк түз өрүлөт. Ошондо өрүм оролуна айланып, пружина сымалданып түшөт. Анан өзөктү экиге бөлүп, анын ортосуна көктү кийирип, көктүн учу аркылуу кайышты бекитип коет. Мындай түзгүн камчыланууда бышык болот.
      Өрүм бир нече тиликтерден куралып, ал биригип, өзүнчө буюм жаратат. Буга темир шөкөт чабуу кандайдыр бекердей туюлат. Анда биринчиден, шөкөттөр өрүмгө жакшы кармалбайт; экинчиден, ошол шөкөттөрдүн чабылган жери өрүмгө туура келбей, тилик (тал) кайыш үзүлүп калышы ыктымал; үчүнчүдөн, өрүмдүн ичинен өрүм чыгып, кайталана берсе, ал кооздук, өнөр, чыгарма катары каралат. Эми ага дайыны жок эле бирдемелерди чаба берүүбүз көркөмдүктүн наркын төмөндөтөт. Эгер күмүш болсо, ага «зооткер» түшүрсөк, анда буюм үчүн түбөлүктүү кооздук жаралат. Темир шөкөттөрү кайык ыкмаларына гана кынаптап чапса, ойдогудай кармай алат. Эгер өрүмгө биз сөзсүз кооздук түшүргүбүз келсе, өрүмгө кара булгаары бастырса, жарашат. Кайыкчылыкта да кара кайышка ак кайыштан «тап бердирип», шөкөт ордун көркөмдөгөндөр бар.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул, өөдүк-сөөдүк жерлерин оңдоп, тегиз абалга келтирүү, түзөө.
2. Белгилүү бир точкага карай түз багыттоо, багыт алдыруу, түз абалга келтирүү. Түздөбөй мерген ата албайт, Түйшөлбөй оору жата албайт (Токтогул). Шамбет аркандын учун казыкка түздөп тартып жатат (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ровнять, проводить что-л. прямо, ровно;
2. исправлять, налаживать;
түздөп как следует; прямо; правильно; как должно быть;
түздөп көөнуң агарса, түңүлушпөс жолдошуң фольк. если твоё сердце будет действительно чисто, от тебя не откажутся твои товарищи;
түздөптүр кудай ишиңди фольк. бог наладил твоё дело.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул, өөдүк-сөөдүк жерлерин оңдоп, тегиз абалга келтирүү, түзөө. 2. Белгилүү бир чекитке карай түз багыттоо, багыт алдыруу, түз абалга келтирүү. Түздөбөй мерген ата албайт, Түйшөлбөй оору жата албайт (Токтогул). Шамбет аркандын учун казыкка түздөп тартып жатат (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от түздө-
оправляться (напр. поправлять на себе платье);
оңго карай түздөн! направо равняйсь!
тузө- исправлять, выправлять;
кыйшыкты түзө- выправлять кривизну;
белин түзөп (он) выпрямившисъ;
катарыңарды түзөгүлө встаньте в ряды;
бет түзө-
1) направиться; взять направление;
2) вознамериться;
оору бой түзөп калды больной (перед смертью) почувствовал себя бодро;
бой түзөп калып жүрбөсүн как бы улучшение (у больного) не оказалось предсмертным.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тегиз, уңкул-чуңкулу жок. Түз талаа. Түз жер. 2. Ийри-буйру эмес, кыйшык же иймейиңки эмес, шыргыйдай. Түз жол. Түз көчө. Түз жыгач. 3. Тегиз жер, мейкиндик. Түздөн торгой чуркурап («Сейтек»). Түбүндө пенде кор болбос, Түз жолунан тайбаса (Казыбек). Мелтиреген түз экен, Бет алып качар бел да жок («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул, өөдүк-сөөдүк жерлерин түздөө. Беш-алты киши конуш түзөп жатат (Жантөшев).
2. өт. Тартипке салуу, оңдоо, түзүгүрөөк кебетеге келтирүү. Тескери жолго басчуну, Тезге салып түзөдүк (Тоголок Молдо). Артта калган колхозду түзөп жатабыз (Мидин).
Бой түзөө — өлөр алдында жакшы болгон өңдүү көрүнүү, тыңыган сыяктуу болуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул жерлерин түздөө. Беш-алты киши конуш түзөп жатат (Жантөшев). 2. өт. Тартипке салуу, оңдоо, түзүгүрөөк кебетеге келтирүү. Тескери жолго басчуну, Тезге салып түзөдүк (Тоголок Молдо). Артка кылчактабай, алдыдагыларга карап түздөл, ошондо өсүш болот (учкул сөз).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от түзө-
исправлять, поправлять, выправлять;
жүрүш-турушун түзөттү он исправил своё поведение;
орфографиялык каталарын түзөттүм я поправил его орфографические ошибки;
чачыңды түзөтчү поправь-ка свои волосы (свою причёску).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮЗӨТҮҮ АБАГЫ – КРде эрезеге жетип, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазаны мөөнөтүн өтөй турган түзөтүү мекемелеринин бир түрү. Ал жалпы, күчөтүлгөн, катуу, өзгөчө режимдеги абак болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИ – эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөөчү жай. КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдары боюнча Т. м-нин төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленген: үй камагы, жер чектөө камагы, түзөтүү абагы, тарбиялоо абагы, түрмө.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ладный, правильный; неплохой, довольно приличный;
жер кепенин ичиндеги жылуулук өтө түзүк эле в землянке было довольно тепло;
2. южн. ладно, хорошо (выражает согласие, одобрение).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: түзүктөп как следует, хорошенько;
ал биз сааган сүттүн эсебин да түзүктөп билбейт он не знает как следует даже количества надоенного нами молока;
түзүктөп бас иди как следует, хорошенько (побыстрее).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от түзүл-
1. устройство, строение, структура;
сот түзүлүшү судоустройство;
2. строй;
мамлекеттик түзүлүш государственный строй;
социалисттик түзүлүш социалистический строй.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮЗҮМҮН ӨЗГӨРТҮҮ – карызкор юридикалык жакты жоюу жана аны андан ары кредиттөөчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн сатуу үчүн карызкордун активинин базасында бир жаңы же бирнече жаңы юридикалык жакты түзүүнү караган атайын администрациялаштырууну жолжоболоштуруу усулу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от <span class=word_click onclick='GetWord("түз-")'>түз- III</span>
устраивание, налаживание;
кайта түзүү или кайра түзүү переустройство, реконструкция, преобразование;
малга тоют базасын түзүү создание кормовой базы для скота;
өзгөчө шарт түзүү зарыл необходимо создать особые условия.
маселе тизүү составление задачи.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮЗҮҮЧҮ – жыйнактын жана башка түзүлгөн чыгармалардын автору. Т-нүн автордук укугу материалдарды тандоо жана жайгаштыруу боюнча ал жүзөгө ашырган жана анын чыгармачыл эмгегинин жемиши болгон иш-аракетке байланышкан.