Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул, өөдүк-сөөдүк жерлерин түздөө. Беш-алты киши конуш түзөп жатат (Жантөшев).
2. өт. Тартипке салуу, оңдоо, түзүгүрөөк кебетеге келтирүү. Тескери жолго басчуну, Тезге салып түзөдүк (Тоголок Молдо). Артта калган колхозду түзөп жатабыз (Мидин).
Бой түзөө — өлөр алдында жакшы болгон өңдүү көрүнүү, тыңыган сыяктуу болуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул жерлерин түздөө. Беш-алты киши конуш түзөп жатат (Жантөшев). 2. өт. Тартипке салуу, оңдоо, түзүгүрөөк кебетеге келтирүү. Тескери жолго басчуну, Тезге салып түзөдүк (Тоголок Молдо). Артка кылчактабай, алдыдагыларга карап түздөл, ошондо өсүш болот (учкул сөз).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от түзө-
исправлять, поправлять, выправлять;
жүрүш-турушун түзөттү он исправил своё поведение;
орфографиялык каталарын түзөттүм я поправил его орфографические ошибки;
чачыңды түзөтчү поправь-ка свои волосы (свою причёску).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮЗӨТҮҮ АБАГЫ – КРде эрезеге жетип, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазаны мөөнөтүн өтөй турган түзөтүү мекемелеринин бир түрү. Ал жалпы, күчөтүлгөн, катуу, өзгөчө режимдеги абак болуп бөлүнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕСИ – эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөөчү жай. КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдары боюнча Т. м-нин төмөндөгүдөй түрлөрү белгиленген: үй камагы, жер чектөө камагы, түзөтүү абагы, тарбиялоо абагы, түрмө.