ТҮЗ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тегиз, уңкул-чуңкулу жок. Түз талаа. Түз жер. 2. Ийри-буйру эмес, кыйшык же иймейиңки эмес, шыргыйдай. Түз жол. Түз көчө. Түз жыгач. 3. Тегиз жер, мейкиндик. Түздөн торгой чуркурап («Сейтек»). Түбүндө пенде кор болбос, Түз жолунан тайбаса (Казыбек). Мелтиреген түз экен, Бет алып качар бел да жок («Манас»).