Киргизско-русский словарь Юдахина
1. степь; поле;
куу талаа сухая степь, пустыня;
боз талаа степь с низкорослой травянистой растительностью;безлесная степь;
сары талаа безлюдная степь, пустыня;
сары талаа сакта- остаться одному в безлюдной пустыне;
ай талаа (или айталаа) или айдай талаа (или айдалаа) бескрайняя ровная степь;
жапайы айдай талаа дикая бескрайняя степь;
пакта талаасы хлопковое поле;
колхоздук талаалар колхозные поля;
талаа жумуштары полевые работы;
үйүндө көптү талаада урбайт погов. тех, кого дома много (у кого много родных, друзей), в поле не побьют;
2. геогр. уст. долина;
Алай талаасы Алайская долина;
3. чуйск. каждый из четырёх кусочков материи, из которых сшивается верх мужской шапки;
ай талаага чачып сал- пустить на ветер;
талаага кет- пропасть зря, пойти прахом;
эмгек талаага кеткен жок труд не пропал даром;
бизде эмгек талаага кетпейт у нас труд даром не пропадает;
талаада кал или талаага кал- не возыметь действия, пропасть зря;
сөздөрү калып талаага, өздөрү калып балаага фольк. слова их не возымели действия, сами они в беду попали;
талаада калсаң да во что бы то ни стало;
талаада калсаң да, таап бер хоть роди, да найди;
талаага чык- разг. сходить на двор;
кур талааны сүйлөйт он болтает, зря говорит;
көзүнүн жашы он талаа болуп ыйлап турат он плачет, и слёзы у него льются в три ручья;
күн кетпестин талаасы название сказочной страны (букв. степь незаходящего солнца).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат.1. Жайык, түз жер. Дүңгүрөп жаткан талаага, Дүрбүсүн салып карады (Бөкөнбаев). Чүй талаасы.
2. Баш кийимдин (мис., калпактын) тилкелери.
Ай талаа к. ай III. Көзүнүн жашы он талаа — көзүнөн салаа-салаа жаш аккан, көзүнүн жашы көл болгон. Көңүлдөгү көп санаа, Көзүнүн жашы он талаа («Эр Төштүк»). Талаада калуу — баарынан кур калуу, иши оңунан чыкпай, максатына жетпей калуу. Жалгыз гана табиятка карап отура берсек, талаада калабыз (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ар кимдин колунан келе тургандай, ар ким аткара алгыдай оңой-олтоң, жеңил-желпи иш бекен деген сыяктуу таң калуу же бир аз жекирүү, кекетүү маанисинде колдонулат. Андай болсо бул жарыкчылык дүйнөдө сый, урмат деген нерсе талаада жатыптырбы? (Мавлянов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар кимдин колунан келе тургандай, ар ким аткара алгыдай оңой-олтоң, жеңил-желпи иш бекен деген сыяктуу таң калуу же бир аз жекирүү, кекетүү маанисинде колдонулат. Андай болсо бул жарыкчылык дүйнөдө сый, урмат деген нерсе талаада жатыптырбы? (Мавлянов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куру калуу, иши оңунан чыкпоо, максаты орундалбай калуу. Мен сага ишенип талаада калдым деп өкүндү («Ала-Тоо»). Кур сөзгө алданып талаада калганымды эми сездим («Чалкан»). В.: Талаага таштоо. Бош жүргөндө эмне, астыртан бирдеме таппасаң коммуна бул бойдон турса, талаага таштайт, – деп шыбырай сүйлөдү (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Туш-тушка тарап кетүү, андаалап тароо, бытыроо, бет-бетинен басып кетүү. Иш кылбай эле талаалап басып жүргөн ким экен? («Ала-Тоо»).
2. Салаа-салаа болуп агуу, шорголоп агып туруу. Кан талаалап акты. Көпчүлүгү жаш балдар, Көздүн жашы талаалап (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
удалиться (из населённого пункта, из аула, от коллектша и т.д.);
ажырапсың талаалап ак калпак кыргыз журтуңдаи фольк. отделился ты и удалился от своего белоколпачного киргизского народа;
кайып болуп талаалап, сызган экен ак шумкар фольк. белый кречет полетел и скрылся где-то в степных просторах;
талаалап чык выйти на простор (из города, из аула и т.п.);
талаалап ойноп чыгыша турган эле они выходили на простор и развлекались;
талаалап жүргөн кыргыз киргизы, бродящие в степи;
талаалап кет-
1) уйти, удалиться;
2) перен. пропасть зря;
эмгеги талаалап кетсе, ким деген күйбөй коймок? кому не будет горько, если труд его пропадёт зря?
кан талаалап агып турган кровь лилась ручьями.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Туш-тушка тарап кетүү, андаалап тароо, бытыроо, бет-бетинен басып кетүү. Иш кылбай эле талаалап басып жүргөн ким экен? («Ала-Тоо»). 2. Салаа-салаа болуп агуу, шорголоп агып туруу. Кан талаалап акты. Көпчүлүгү жаш балдар, Көздүн жашы талаалап (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. талан I)
грабёж, разграбление;
талаанга түш- быть разграбленным, ограбленным;
талаанга түшкөн мал награбленный скот, награбленное имущество;
талаан сал- предать разграблению;
талаан-чачын или талаан-бүлүн поток и разграбление.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. полеводство;
талаачылык бригадасы полеводческая бригада;
талаачылыкты комплекстүү механикалаштыруу комплексная механизация полеводства;
2. то же, что талаагерчилик;
талаачылык, тартынбай эле коюңуз (наше) степнячество, не стесняйтесь (ведь мы находимся в степи, стесняться не стоит).