ТАЛААДА КАЛУУ Фразеологический словарь кыргызского языка (2015) Куру калуу, иши оңунан чыкпоо. Максаты орундалбай калуу. Мен сага ишенип талаада калдым деп өкүндү («Ала-Тоо»). Кур сөзгө алданып талаада калганымды эми сездим («Чалкан»).