Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат.1. Жайык, түз жер. Дүңгүрөп жаткан талаага, Дүрбүсүн салып карады (Бөкөнбаев). Чүй талаасы.
2. Баш кийимдин (мис., калпактын) тилкелери.
Ай талаа к. ай III. Көзүнүн жашы он талаа — көзүнөн салаа-салаа жаш аккан, көзүнүн жашы көл болгон. Көңүлдөгү көп санаа, Көзүнүн жашы он талаа («Эр Төштүк»). Талаада калуу — баарынан кур калуу, иши оңунан чыкпай, максатына жетпей калуу. Жалгыз гана табиятка карап отура берсек, талаада калабыз (Убукеев).