ТАЛААДА КАЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Куру калуу, иши оңунан чыкпоо, максаты орундалбай калуу. Мен сага ишенип талаада калдым деп өкүндү («Ала-Тоо»). Кур сөзгө алданып талаада калганымды эми сездим («Чалкан»). В.: Талаага таштоо. Бош жүргөндө эмне, астыртан бирдеме таппасаң коммуна бул бойдон турса, талаага таштайт, – деп шыбырай сүйлөдү (Ашымбаев).