Киргизско-русский словарь Юдахина
таба I
злорадство;
душманга таба, доско күлкү болбо погов. не следует быть предметом злорадства для врага, и посмешищем для друга;
табасы канды он злорадствовал; он получил удовлетворение (оттого что у кого-то неприятности).
таба II
ир.
сковорода, сковородка.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирөөнүн башына түшкөн кайгыга, ишинин ордунан чыкпай калышына кубангандык, табалагандык. Душманга таба, доско күлкү болбоо. Мырзабайдын үйүнүн өрттөнгөнүнө Төлөнбайдын табасы канды (Абдукаримов).
ТАБА II зат. диал. Көмөч казан жана көмөч казанда бышкан нан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн башына түшкөн кайгыга, ишинин ордунан чыкпай калышына кубангандык, табалагандык. Душманга таба, доско күлкү болбоо. Мырзабайдын үйүнүн өрттөнгөнүнө Төлөнбайдын табасы канды (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
табак I
1. блюдо (первоначально - деревянное);
аш болсо, табак табылат погов. если есть пища, блюдо найдётся;
ак табак эмалированное блюдо;
кырма табак неглубокое деревянное долблёное блюдо;
кара табак простое деревянное блюдо;
табак тарт- подаватъ кушанье, угощение;
өз табагын өзүнө тартабыз или өз табагын өзүнө тарттырабыз мы ему (за зло) отплатим тем же;
ала табак тарт-
1) подносить кушанье не всем одинаково (одним повкуснее и побольше, другим похуже и поменьше);
2) перен. относиться не ко всем одинаково (напр. о начальнике);
2. (точнее таразанын табагы) чаша весов;
табак түп этн. объедки, остатки пищи в тарелке, на блюде, которые даются другому, чтобы доел;
табак түп калтыр- оставь немного на дне;
табак түп калтырбай, жеп алды он начисто съел;
эти тургай, табагымды таппай жүрөм погов. до мяса ли, я даже блюда-то своего не нахожу;
не до жиру, быть бы живу (напр. я не рассчитываю на большую должность, мне хотя бы получить снова ту маленькую, которую я имел);
этиңди коюп, табагыңды таап ал ты уж за большим не гонись, восстанови хотя бы то малое, что имел;
чеч табак см. чеч II 2.
табак II
лист (бумаги);
басма табак полигр. печатный лист.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Тамак-аш салууга же куюуга колдонулуучу, көбүнчө тегерек формада болгон жайпак же чуңкур идиш. Батыш бышкан этин жыгач табакка салып келип, ортого койду (Байтемиров). Табактарды жыйнап, таза жуудуруп койгула (Жантөшев).
Табак түп — эт жегенде табактын түбүндө калган кешик.
ТАБАК II: басма табак к. басма II.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
тамеки;
курительный табак тартылуучу тамеки;
трубочный табак канжа менен тартылуучу тамеки;
жевательный табак чайнама тамеки;
нюхательный табак насыбай, асымай, жытталуучу тамеки;
дело - табак разг. абал эң начар; иш куржун.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Эт эмес табагыңды таппай калды» (макал). Бул — кырма идиштердин бири. Табак арчадан да, кайыңдан да, жаңгактан да, талдан да чабылат. Жарылып кетпеси үчүн жаңы табакты майга же майлуу сууга (кээде сорпого) салып, аны кайнатабыз жана отко кактап карайтабыз. Андай табак «кара табак» деп аталат. Кээде муну майлоодон ага кичине жошо сүртүлөт. Чара табакты көмкөргөндө айлананы элестетет. Бул кырмачылык өнөрү менен так жана таза бүткөндүгүн аныктайт.
      Тайпак табакты «желпүүр табак» деп да коет. Аны менен агышак, таруу өңдүү дандардын кебегин учурат. Табактын айлана четине 2—3 сызык (кеште) түшүрүлгөн.
      Бул «кырбу» же «кобул» деп аталат. Жыгач табактын чуңкуру 6—12 см, дм и 20—20 см болуп, түбү кууш жана тегерек келип, турмушта урунуп жүрүүгө бул укмуштай шартташкан. Кээде аны илеген (тарелка табак) деп да коёбуз. Мунун да оозу кенен, түбү кичине келет. Анын бир нече формалары бар. Тарелка табак, илеген табак, тайпак табак жалпысынан окшош көрүнгөнү менен чеберлер бири-бирине айырмалуу кармашкан. Булардын үч төрт жеринде «кеште» түшөт.
      «Миске чара» — табактын иштүүсү. Кештелеринен тышкары оозу чыгат. Ал жайпак түспөлүн берип турат.
      Айрым усталар кол дүкөн колдонбойт. Чот, керки, бычак, ийги сымал жөнөкөй куралдарды ыңгайына карай пайдалануу аркылуу бүткөргөн табактарын көбүнчө талдан тандашат. Тал тарамыш сымал келип, ийри-муйру жарылат. Анын жарылган ыгы менен конот. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган идиш-аяктын калыбы кийинчерээк анча өзөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң табигый жолуна келет. Өрүктү иштетүүдө да ушул ыкманы эске алуу зарыл. Идиштин сөлөкөтүн келтирген чакта кайнатып, заттын сары суусу менен чыгарып алат. Бул болсо такыр чирибейт, урунууга бышык болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тамак-аш салууга же куюуга колдонулуучу, көбүнчө тегерек формада болгон жайпак же чуңкур идиш. Батыш бышкан этин, жыгач табакка салып келип, ортого койду (Байтемиров). Табактарды жыйнап, таза жуудуруп койгула (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: табактап блюдами (брать, насыпать, раздавать, подносить);
табактап тарт- подносить или подавать (целыми) блюдами, на блюдах;
казанасын элине бөлүп берген табактап фольк. казну он раздавал народу щедро (букв. блюдами).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
(о предметах) священный, почитаемый, приносящий счастье, благодатный;
таалайлуу таксыр Кедейкан, табарик сиздин кебиңиз фольк. счастливый Кедейкан, священны ваши слова;
кантсе да, аш менен тойдун тамагы эзелден бери табарик катарында болуп калган эмеспи как бы то ни было, но ведь свадебная и поминальная пища искони считается благодатной (её следует отведать).

Киргизско-русский словарь Юдахина
мочевой пузырь;
кудайдын табарсыгы жарылганбы? шутл. уж не прорвался ли мочевой пузырь у бога? (так говорят, когда много дней, не прекращаясь, идут дожди);
табарсык атмай южн. то же, что кыйык атмай (см. кыйык I 5).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз кыргыз тилине моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо давс(ан) сөзү кыргызча туз дегенди билдирип, чувашча тавар дегенге туура келет. Мына ушул сөзгө -ан мүчөсү жалгануудан моңголчо давсан «табарсык» (МРс, 137) сөзү жасалса, моңголчо давсаргах «туздуу» сөзү кыргызча табарсык болуп өзгөргөн. Табарсыкты үйлөп жатканда анын туздуу даамы кошо сезилген. Ошондуктан моңголчо «туздуу» сөзү кыргыз тилинде «табарсык» маанисинде колдонулуп калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өч алуу максатында бирөөнүн кырсыкка учурашына, оор, мүшкүлдүү ишке дуушар болушуна ичинен сүйүнүү. Кырсыкка учураганда Акматтын табасы канып, үч күнү кубанды («Ала-Тоо»). Мырзабайдын үйүнүн өрттөнгөнүнө, Телебайдын табасы канды (Абдукаримов). Башын кесип калмактын Табасы канды баатырдын («Курманбек»). В.: Табасы таш жаруу. Жакындап барса, кээ бирөөлөрү күлүп, кээ бирөөлөрдүн табасы таш жарат (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өч алуу максатында бирөөнүн кырсыкка учурашына, оор, мүшкүлдүү ишке дуушар болушуна ичинен сүйүнүү, ырас болду деп ойлоо, көксөсү суу. Кырсыкка учураганда Акматтын табасы канып, үч күн кубанды («Ала-Тоо»). Мырзабайдын үйүнүн өрттөнгөнүнө Телебайдын табасы канды (Абдукаримов). Башын кесип калмактын, Табасы канды баатырдын («Курманбек»). Сегизбаев прокурор болсо четте карап, табасы канып турар (Айтматов).