ТАБАСЫ КАНУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өч алуу максатында бирөөнүн кырсыкка учурашына, оор, мүшкүлдүү ишке дуушар болушуна ичинен сүйүнүү, ырас болду деп ойлоо, көксөсү суу. Кырсыкка учураганда Акматтын табасы канып, үч күн кубанды («Ала-Тоо»). Мырзабайдын үйүнүн өрттөнгөнүнө Телебайдын табасы канды (Абдукаримов). Башын кесип калмактын, Табасы канды баатырдын («Курманбек»). Сегизбаев прокурор болсо четте карап, табасы канып турар (Айтматов).