Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз кыргыз тилине моңгол тилинен кабыл алынган. Моңголчо давс(ан) сөзү кыргызча туз дегенди билдирип, чувашча тавар дегенге туура келет. Мына ушул сөзгө -ан мүчөсү жалгануудан моңголчо давсан «табарсык» (МРс, 137) сөзү жасалса, моңголчо давсаргах «туздуу» сөзү кыргызча табарсык болуп өзгөргөн. Табарсыкты үйлөп жатканда анын туздуу даамы кошо сезилген. Ошондуктан моңголчо «туздуу» сөзү кыргыз тилинде «табарсык» маанисинде колдонулуп калган.