Киргизско-русский словарь Юдахина
1. место;
ордум моё место;
ордуң твоё место;
орду, южн. оруну его место;
ардактуу орун почётное место;
ордунан туруп или ордудан туруп встав со своего места;
ордунан турбады или орунунан турбады он с места не встал;
бош орун
1) свободное место;
2) перен. вакансия;
мени кайра ордума калтыр восстанови меня на работе;
ордуна на его место, вместо него;
тар орун перен. узкое место;
орду жок не к месту, неоправданно;
эсептесек, жүз сомдун орду жок подсчитали мы, (оказывается) недостаёт ста рублей (напр. нет документов или неизвестно, куда израсходовали);
орун ал-
1) занять или получить место (прим. см. олтур- 3);
2) перен. иметь место;
орун алган кемчиликтер имевшие место недостатки;
жоопсуздук орун алган жерде там, где имеет место безответственность;
орун-очок ал- или орун-очоктошуп ал- обжиться; закрепиться на каком-л. месте на постоянное жительство;
орун-очок алган жеринен эмне үчүн көчүрүп бардыңыз? зачем вы его переселили с обжитого места?
орун бас- обжиться, освоиться;
орун басып калган он уже обжился, освоился;
орун басар заместитель;
директордун орун басары заместитель директора;
рун басарлык положение или должность заместителя;
орду толбоду его никто не заменит, его отсутствие чувствуется (букв. его место не заполнено);
2. постель;
орун сал- стлать постель;
сен деп, жылуу ордумду сууткамын я из-за тебя потеряла мужа (букв. из-за тебя остудила теплую постель);
орун сөз дельное слово, толковая речь;
орун чык- сбыться, исполниться так, как хотелось бы;
ордунан чыккан иш жок нет (ни одного) дела, которое было бы сделано хорошо, наладилось бы;
иш ордунан чыккан жок дело не вышло, не получилось;
айтканы орун чыкты сказанное им оказалось правильным;
балким, өтүнүчүм ордунан чыгар возможно, моя просьба будет исполнена;
ордунан чыгар- позволить выполнить или способствовать выполнению;
турмуш алардын убадалуу күнүн ордунан чыгарган эмес жизнь не дала им возможности дождаться условленного дня;
эл орунга олтурганда когда свечерело, когда стемнело (букв. когда народ сел на место, управившись с хозяйственными делами);
эл орунга отуруп, жылдыз толгон стемнело, небо вызвездило;
...ордуна көрбөдү он не считал даже за кого-что-л...;
ал элди чөп ордуна көрбөдү он народ ни во что не ставит (букв. не считает даже за траву);
ал жүз сомду акча ордуна көрбөйт сто рублей он за деньги не считает;
сен нанды тамак ордуна көрбөйт экенсин; эт бер дейсиң ты, оказывается, хлеб за пищу не считаешь, требуешь мяса.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсени коё турган, отура турган ж. б. жай. Тиги кишиге ушул арадан орун беришсек кантет (Сыдыкбеков).
2. өт. Кызмат, ээлеп турган кызматы, кызмат абалы. Ордунан алынды. Ордуна жаңы киши дайындалды.
Орду жок — жөнү жок, ылайыгы жок, дайынсыз. Орду жок сүйлөө. Орду жок сөз. Орун алуу 1) орунтуктоо, орунтук алуу, жайгашуу; 2) бар болуу. Орун алган кемчиликтер. Ордунан чыгуу — тилегендей болуу, орундалуу, жөндүү болуу, оң болуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени коё турган, отура турган ж. б. жай. Тиги кишиге ушул арадан орун беришсек кантет (Сыдыкбеков). 2. өт. Кызмат, ээлеп турган кызматы, кызмат абалы. Ордунан алынды. Ордуна жаңы киши дайындалды.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орунтуктоо, жайланышуу, туруп калуу. Төшөк дайын болду, орун алыңыздар, меймандар. 2. Жок эмес, бар болуу, кездешүү, учуроо. Жогорку кемчиликтердин орун алганын мойнуңузга аларсыз. В.: Орун-очок алуу. Тиги кайын сиңдиң бой тартып орун-очок алса, бул уулуң чоңойсо, кор болбойсуң, аяш! (Жантөшев). Эми минтип элге жетсек деп эки көзүн чачыраткан ыйык мекемеден орун-очок алып отурат (Акматов). Орун басуу. Ал бечара орун басып калыптыр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРУНБАСТЫРУУ – эмгек укугунда кызматкерди анын макулдугусуз эле, жүйөлүү себептер менен (ооруу, окуу ж. б.) жумушка чыкпай, бирок кызмат орду сакталып турган адамдын милдетин аткаруу үчүн бир жылдын ичинде бир айдан ашык эмес убакытка башка жумушка убактылуу которуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стать на место; наладиться;
жүрөгү орундап калды его сердце успокоилось;
2. исполнить, выполнить;
планды ашыгы менен орунда- перевыполнить план;
3. исполниться;
тилек орундады желание исполнилось.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от орунда-
1. быть устроенным; быть исполненным, выполненным; устраиваться, исполняться, выполняться;
план ашык орундалды план перевыполнен;
иш орундалган жок дело ещё не завершилось (благоприятно);
2. юр. быть приведённым в исполнение;
өкүм орундалды приговор приведён в исполнение.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от орундаш-;
жерге орундаштыр- строить на землю; перевести на оседлое положение;
бүгүн түнү алар "бардыгын орундаштырып берели" дешти они сказали, мол, сегодня ночью всё приведём в порядок.

Киргизско-русский словарь Юдахина
утверждаться (появляться и закрепляться);
кыргыз совет адабиятында проза жанры жаңы гана орундуктап келе жаткан учурда в момент, когда жанр прозы только ещё утверждался в советской киргизской литературе.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уместный, дельный; степенный (о человеке);
орундуу сунуш дельное предложение;
оргу-баргы сүйлөбөй, орундуу болот азамат фольк. молодец бывает степенным, не болтает без толку.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРУНДУУ ТОБОКЕЛДИК – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча кылмыш жосунуна жаткырбай турган жагдай. Коомчулукка пайдалуу максатка жетүү үчүн укуктук жактан корголгон кызыкчылыкка зыян келтирүү кылмыш катары саналбайт. Эгер жасалган аракет азыркы илимий-техникалык жетишкендиктер менен тажырыйбага ылайык келип, ал эми алдыга коюлган максат тобокел менен байланышкан аракетсиз ишке ашууга мүмкүн болбосо жана тобокелге барган жак укуктук жактан корголгон кызыкчылыкты зыянга учуратпоо үчүн колдон келген чаралардын баарын көргөн болсо, тобокел негиздүү деп табылат. Эгер анын адамдардын өлүмү, экологиялык кырсык же дагы башка оор кесепеттер менен коштоло тургандыгы алдынала белгилүү болсо, тобокел негизсиз деп табылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ОРУНЖАЙ – кыймылсыз мүлк комплексинин бирдиги (турак жай имаратынын бөлүгү, турак жай имараты менен байланышкан бөлөк кыймылсыз мүлк объектиси), ал туракжай катары же туракжайлык эмес максатта өзалдынча пайдаланууга арналып, жарандардын же юридикалык жактардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын менчигинде болот. Ар бир О-дын чеги болуп кабаттардын ортосу, дубалдар, пол жана шып эсептелет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
место длительного пребывания, пристанище;
орунтук алып, бир жерге он күн отурган күнү боло элек не было такого, чтобы он прочно оставался на одном месте (хотя бы) десять дней.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аркасында жөлөнгүчү бар же жөлөнгүчү жок киши отурууга ылайыкталган отургуч, үстөл. Зарыл менен Мыскал столдун жанындагы орунтукта олтурушту (Сыдыкбеков). 2. Жай алган жер, орун алып жайгашкан жай, орун. Орунтук алуу.