Киргизско-русский словарь Юдахина
осень;
коңур күз осень в полном разгаре;
сары күз золотая (букв. жёлтая) осень;
ала күз бою от начала и до конца осени;
ала күздөн бери с самого начала осени;
күзүндө или күзгүсүн или южн. күзүндөсү осенью.

Киргизско-русский словарь Юдахина
күзгү I
осенний;
пайда кылар аштыкка күзгү жылуу шамал стих. пользу приносит посевам (тамошний) осенний тёплый ветер;
күзгү күчүндү күйөөңө бербе погов. осеннюю силу твою (т.е. рабочий скот в осеннюю страду) даже зятю своему не давай.
күзгү II
зеркало;
таш күзгү зеркало из толстого стекла;
күзгүбү, таракпы? зеркало или гребёнка? (название детской игры);
күзгүдөй тунук суу зеркально чистая вода;
күзгүдөй муз зеркально гладкий лёд;
далынын күзгүсү тонкая часть лопаточной кости.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бет мандайындагыны чагылтып көрсөтүүгө ылайыкталып жасалган айнек. Күзгүнүн маңдайында чачын таранып жаткан Гүлайым калыбынан козголбостон жооп кайтарды (Бейшеналиев).
КҮЗГҮ II такт. Күз убактагы, күз мезгилдеги. Бугимовдун өңү күзгү чөптөй кубарып,.. эки таноосу кыпчыла баштады (Сасыкбаев). Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бет маңдайындагы, алды тарабындагы нерселерди чагылтып көрсөтүүгө ылайыкталып жасалган, адам өзүн көрүү үчүн колдоно турган айнек буюм. Сапура кичине тегерек күзгүсүн алып көрүндү да, жылмайып койду (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Кыз-келиндердин өздүк буюмдары салынуучу баштык. Ага: атыр, күзгү, самын, шуру, эндик өңдүүлөр кирет. Күзгү каптагы көркөм көчөттөр туш кийизден айырмаланат. Күзгү каптын капкагы, этеги «тор чачык» жана «топ чачык» менен чачыланат. «Кылыч байлоо» менен кооздолот. Үстүнкү кулакчаны аркылуу кереге башына илинет. Ага түшкөн ар кандай көчөттөрүнүн чекесин уз ак-сары жип аркылуу «ала мончоктойт». Негизинен көркөм көчөттөр кызыл жип менен сайылып, анан өндү дагы даанараак ачыш үчүн анын четинен сары, ак өң курчалуу керек. Ошондой эле түшүрүлгөн көчөттүн эки булуңундагы кызылдын ичи эки курдай сары, ак менен алмак-салмак айландырылат. Уздардын түшүргөн «кыялынын» ортосунда да суу жүгүртүлүп, өңдү ача билишет. Күзгү кап менен текче бир бүтүмдү түзөт. Түшкөн сайын көчөттөрүнүн чекесин ак жип аркылуу текчедей «ала мончоктоп», ал «текчеге» окшошуп, экөө үйдүн ички жасалгалары үчүн эриш-аркак көркөмдүктү тартуулайт.
      Саймачылар орточо күзгү каптын көлөмүн 100x50 см кылышат да, мунун жээгин мүмкүн катар кундуздашат. Бетине сайма көчөттөрү түшкөн күзгү кап илгери кийизден да, таардан да, териден да жана калың кездемеден да жасалган.
      Күзгү каптын жана текченин эң эски үлгүлөрүндө алтын түспөлдүү муунак-муунак зымча түйүлгөн төкмө, түймө чачылар сеңселип турат. Ага түшкөн көчөттөр «көөкөрчө», «жүрөкчө», «комуз тили», «бугу мүйүз» өңдөнөт. Алардын араларын «суу» ажыратат.
      Күзгү кап илгери таш күзгүгө чакталып, сүйрүрөөк жасалган. Кийинки күзгү каптар аяк каптан айырмаланбайт. Алардын жердиги жана ага түшкөн көркөм оюм-көчөттөрү бири-биринен анча өзгөчөлөнбөйт. Турмушта буларды буюм катары астектеп колдонуу улам барган сайын басаңдоодо. Тек гана боз үйдүн жалпы сайма жасалгасынын бир бөлүгү катары керегеге тартылуу аркылуу кооз көрүнөт.
      Айрым «күзгү кап» мурунку салттуу буюм-тайымдардын негизинде жаралуу менен туштукка үндөшүп, аны менен бир бүтүмдү түзүп, көчөттүн көркөм каражатын
      чечмелей келгенде уздар «чамгаракты» элестетет. Себеби, андагы тор чачык боз үйдүн керегеси өңдөнөт да, мүмкүн жабык баштын же тегиричтин да элесин бердирет. Буюмдун чок ортосундагы табакча сайманы «Түндүк» десек да болот. Жалпы алганда көркөм көчөт түндүктүн чамгарагындай баамдалат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Жал, куйрукту кыркуу, кыскартып кыркып коюу. Жаз алдында күзөп алган байтал-бээнин жал-куйругу (Сыдыкбеков).
КҮЗӨ II этиш. Кайтаруу, сактоо, коргоо, көздөө. Малдарды жакшы күзөгүлө. Бүт эмгекчилердин Азаттыгын күзөйбүз (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
күзөт I
то же, что күзөтчү.
күзөт- II
понуд. от күзө- II
1. охранять, стеречь;
жол күзөт- охранять дорогу;
2. пасти скот ночью (гл. обр. лошадей);
түн күзөт- бодрствовать ночью;
түн күзөтпөй, жатып уктагыла не проводите ночь без сна, ложитесь спать.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде көз болуп айтылган сөз татар тилинде күз болуп айтылат. Бирок дайыма эле андай боло бербейт, кээде кыргыз тилинде татар тилиндегидей формасы да кошо жашайт. Алсак, күзө, күзөт сөзүндө татарча куз сөзү айтылат, ага этиш жасооңу -а мүчөсү жана аркылуу мамиленин -т мүчөсү уланып, күзө, күзөт формалары жаралат. Кыргызча формасы боюнча айтканда бул сөздөр көзө, көзөт болмок, бирок андай сөздөр кыргыз тилинде таптакыр башка маани берет. Ошондуктан кыргыз тилинде татар тилиндегидей күзө жана күзөт сөздөрү жаралып, «кароолдо, кара, көз сал» маанисин туюнтуу үчүн колдонулат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от күзөт- II;
караңгы түнгө чейин карыган ата-энеңди жол күзөттүрүп кайда жүрөсүң? где ты ходишь, заставляя своих престарелых родителей в тёмную ночь смотреть на дорогу (ожидая тебя) ?

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
килем токууда жана өрмөк согууда улам аркак өткөрүлгөн сайын үстүңкү — эркек жиптеринин ар биринин арасы менен астыңкы — ургаачы жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу бөлүгү. Килемде эриш жип бүт бойдон жүгүртүлүп бүтүп өрмөктүн эриш жиби жүгүртүлүп жатканда күзүк өтөт. Эриш жиптердин ургаачылары күзүккө илинет да, эркек жиптери илинбейт. Өрмөкчү, килемчи адыргыны өзүн көздөй тартып кырынан тургузганда, эркек жип күзүк жиптин арасы менен өөдө чыгып, адыргыны жалпагынан ары жылдырганда ургаачы жиптин арасы менен төмөн түшүп турат. Күзүктөлгөн эриштерди көтөрүп согууга даярдоо үч бут мара болот. Эриштин эки тарап жыш жиптери бат-бат алмашып, арасына аркакты кысып алат. Килем менен өрмөктүн токулган бөлүгү жылган сайын күзүк да, күзүк көтөргүч мара да (можу, иймек) күйөөнү көздөй жылдырылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Килем тоокууда жана өрмөк согууда улам аркан өткөрүлгөн сайын үстүңкү (эркек) жиптеринин ар биринин арасы менен астыңкы (ургаачы) жиптерин өткөрүп, астын-үстүн кылып алмаштырып туруучу бөлүгү.