Киргизско-русский словарь Юдахина
күзгү I
осенний;
пайда кылар аштыкка күзгү жылуу шамал стих. пользу приносит посевам (тамошний) осенний тёплый ветер;
күзгү күчүндү күйөөңө бербе погов. осеннюю силу твою (т.е. рабочий скот в осеннюю страду) даже зятю своему не давай.
күзгү II
зеркало;
таш күзгү зеркало из толстого стекла;
күзгүбү, таракпы? зеркало или гребёнка? (название детской игры);
күзгүдөй тунук суу зеркально чистая вода;
күзгүдөй муз зеркально гладкий лёд;
далынын күзгүсү тонкая часть лопаточной кости.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бет мандайындагыны чагылтып көрсөтүүгө ылайыкталып жасалган айнек. Күзгүнүн маңдайында чачын таранып жаткан Гүлайым калыбынан козголбостон жооп кайтарды (Бейшеналиев).
КҮЗГҮ II такт. Күз убактагы, күз мезгилдеги. Бугимовдун өңү күзгү чөптөй кубарып,.. эки таноосу кыпчыла баштады (Сасыкбаев). Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бет маңдайындагы, алды тарабындагы нерселерди чагылтып көрсөтүүгө ылайыкталып жасалган, адам өзүн көрүү үчүн колдоно турган айнек буюм. Сапура кичине тегерек күзгүсүн алып көрүндү да, жылмайып койду (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Кыз-келиндердин өздүк буюмдары салынуучу баштык. Ага: атыр, күзгү, самын, шуру, эндик өңдүүлөр кирет. Күзгү каптагы көркөм көчөттөр туш кийизден айырмаланат. Күзгү каптын капкагы, этеги «тор чачык» жана «топ чачык» менен чачыланат. «Кылыч байлоо» менен кооздолот. Үстүнкү кулакчаны аркылуу кереге башына илинет. Ага түшкөн ар кандай көчөттөрүнүн чекесин уз ак-сары жип аркылуу «ала мончоктойт». Негизинен көркөм көчөттөр кызыл жип менен сайылып, анан өндү дагы даанараак ачыш үчүн анын четинен сары, ак өң курчалуу керек. Ошондой эле түшүрүлгөн көчөттүн эки булуңундагы кызылдын ичи эки курдай сары, ак менен алмак-салмак айландырылат. Уздардын түшүргөн «кыялынын» ортосунда да суу жүгүртүлүп, өңдү ача билишет. Күзгү кап менен текче бир бүтүмдү түзөт. Түшкөн сайын көчөттөрүнүн чекесин ак жип аркылуу текчедей «ала мончоктоп», ал «текчеге» окшошуп, экөө үйдүн ички жасалгалары үчүн эриш-аркак көркөмдүктү тартуулайт.
      Саймачылар орточо күзгү каптын көлөмүн 100x50 см кылышат да, мунун жээгин мүмкүн катар кундуздашат. Бетине сайма көчөттөрү түшкөн күзгү кап илгери кийизден да, таардан да, териден да жана калың кездемеден да жасалган.
      Күзгү каптын жана текченин эң эски үлгүлөрүндө алтын түспөлдүү муунак-муунак зымча түйүлгөн төкмө, түймө чачылар сеңселип турат. Ага түшкөн көчөттөр «көөкөрчө», «жүрөкчө», «комуз тили», «бугу мүйүз» өңдөнөт. Алардын араларын «суу» ажыратат.
      Күзгү кап илгери таш күзгүгө чакталып, сүйрүрөөк жасалган. Кийинки күзгү каптар аяк каптан айырмаланбайт. Алардын жердиги жана ага түшкөн көркөм оюм-көчөттөрү бири-биринен анча өзгөчөлөнбөйт. Турмушта буларды буюм катары астектеп колдонуу улам барган сайын басаңдоодо. Тек гана боз үйдүн жалпы сайма жасалгасынын бир бөлүгү катары керегеге тартылуу аркылуу кооз көрүнөт.
      Айрым «күзгү кап» мурунку салттуу буюм-тайымдардын негизинде жаралуу менен туштукка үндөшүп, аны менен бир бүтүмдү түзүп, көчөттүн көркөм каражатын
      чечмелей келгенде уздар «чамгаракты» элестетет. Себеби, андагы тор чачык боз үйдүн керегеси өңдөнөт да, мүмкүн жабык баштын же тегиричтин да элесин бердирет. Буюмдун чок ортосундагы табакча сайманы «Түндүк» десек да болот. Жалпы алганда көркөм көчөт түндүктүн чамгарагындай баамдалат.