Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде көз болуп айтылган сөз татар тилинде күз болуп айтылат. Бирок дайыма эле андай боло бербейт, кээде кыргыз тилинде татар тилиндегидей формасы да кошо жашайт. Алсак, күзө, күзөт сөзүндө татарча куз сөзү айтылат, ага этиш жасооңу -а мүчөсү жана аркылуу мамиленин -т мүчөсү уланып, күзө, күзөт формалары жаралат. Кыргызча формасы боюнча айтканда бул сөздөр көзө, көзөт болмок, бирок андай сөздөр кыргыз тилинде таптакыр башка маани берет. Ошондуктан кыргыз тилинде татар тилиндегидей күзө жана күзөт сөздөрү жаралып, «кароолдо, кара, көз сал» маанисин туюнтуу үчүн колдонулат.