Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
материя, вещество; сущность: существо;
жарылма заттар или чартылдак заттар взрывчатые вещества;
уу зат отравляющее, ядовитое вещество;
адамдан заты бир бөлөк фольк. он лучший из людей (букв. его сущность особая от людей);
узун чачтын ыктуусу, зайып заттын мыктуусу фольк. самая проворная из длинноволосых, самая выдающаяся из женщин;
бедөө тулпар аттары, перизаттай заттары фольк. кони их - быстроходные бедуины, сами они - периподобные существа;
зат атооч грам. имя существительное;
абстракттуу зат атооч грам. отвлечённое имя существительное.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жалпы эле нерсе, буюм; кармап же көрүп билүүгө, сезүү органдары аркылуу туюп-билүүгө боло турган нерселердин жана алардын тегинин жалпысынан аталышы, жалпы жыйындысы.
¨ Зат атоочграм. заттардын, буюмдардын, окуялардын, кубулуштардын аттарын билдирүүчү сөз түркүмү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Болмуш, нерсе, буюм. 2. өт. Маңыз, сапат, касиет. Токсон тогуз миң заты («Манас» С. О.). Жеңесинин муңайым, зарлагандай айтып бергенине караганда – аябагандай аялуу зат (Абакиров).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЗАТАЕВИЧ Александр Викторович (1869, Волхов шаары—1936, Москва) — музыка изилдөөчү, этнограф жана композитор. Казак ССРинин эл артисти (1923), Кыргыз ССРинин эл артисти (1925). Казак, Орто Азия, Сибирь элдеринин обондорун, күүлөрүн жыйноочу. 3. 1928-ж. Кыргызстанга келип, атактуу комузчулардын аткаруусундагы обондорду, күүлөрдү жазып алат.


Жыйнаган обон, күүлөрдүн ичинде Токтобек Багишевден «Манастын», Субанкул
Жыйнакта кайсы күү, обон кандай аткарылып, айтыларын, кимден жазылганы, анын шыгын билдирген илимий мүнөздөгү кыскача түшүндүрмө да берилген. Алардын обондорун төкмөлүк ырааттуулук менен айтылышын, угумдуулугун өзгөчө бөтөнчөлүгүнө ой жүргүзөт. 3. музыка изилдөөчүлөрдүн ичинен биринчи жолу «Манас» эпосунун обонун нотага түшүрөт.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. прич. от затаить;
2. прил. (тайный) ичте сакталган;
затаённые желания ичте сакталган тилек;
3. прил. (приглушённый) бөлөккө угулбаган, сыртка чыкпаган;
затаённый говор күбүр-шыбыр (башка адамдарга угузбай күбүрөшүү);
с затаённым дыханием демин ичке тартып, кың дебестен.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. что
1. (скрыть) жашыруу, катуу, сактап жүрүү, сактоо;
затаить обиду таарынычын ичинде сактоо;
затаить злобу кек сактоо;
2. (приглушить) сыртка чыгарбоо;
затаить дыхание демин чыгарбоо, демин ичине алуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. прич. от затаскать 1, 2;
2. прил. (изношенный) жыртылган, эскирген, тозгон;
затасканный костюм жыртылган костюм;
3. прил. перен. таң болгон, даамы кеткен;
затасканное выражение эскирип, даамы кеткен сөз.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. разг.
1. что (износить) кийип жыртуу, кийип эскиртүү, кийип тоздуруу; тамтыгы чыкканча кийүү, тытылганча кийүү;
затаскать пальто пальтону тамтыгы чыкканча кийүү;
2. что, перен. (опошлить) даамын кетирүү, мокотуу;
затаскать остроту курч сөздүн даамын кетирүү, курч сөздү мокотуп жиберүү;
3. кого (измучить) сүйрөп жүрүп кыйноо;
затаскать по судам сотко сүйрөй берип жадатуу.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Зат атооч (имя существительное) -- заттын аталышын билдирген сөз түркүмү.  

Зат атооч сүйлөмдүн ээсинин, баяндоочтун жана айкындоочтун милдетин аткарат.

Зат атооч -- ким?, эмне? деген суроолорго жооп берет. 

Зат атооч жөндөмөсантаандыкжак менен өзгөрөт.

Көптүк түрүндө -лар мүчөсү кошулуп түзүлөт. 

Зат атоочтор жалпы жана энчилүү аттар болуп экиге топко бөлүнөт.

Жалпы аттар - бир тектүү заттардын, жаныбарлардын, товарлардын, көрүнүштөрдүн ж.б. түшүнүктөрдүн жалпы аталышы. Мисалы: смартфон, интернет, компьютер, автомобиль, университет, кыял, ж.б.

Энчилүү аттар – жалпы аттардын ичинен бирөөсүн өз алдынча бөлүп көрсөтүү үчүн колдонулат. Мисалы, смартфон – бул телефондордун жалпы аталышы, ал эми - Samsung Galaxy S20, iPhone 12, Pixel 5, Xaoimi MI 11 – энчилүү аталыштар.

Зат атоочтун морфологиялык талданышы. Телефон сөзүнүн мисалында:

За атоочтун жөндөлүшү (orfo.kg -- онлайн морфологиялык талдоо кызматы аркылуу

Жөндөмөлөр

Жекелик сан

Көптүк сан

Атооч

телефон

телефондор

Илик

телефондун

телефондордун

Барыш

телефонго

телефондорго

Табыш

телефонду

телефондорду

Жатыш

телефондо

телефондордо

Чыгыш

телефондон

телефондордон

 

Таандык категориясы

Жекелик сан

Биринчи жак

Экинчи жак

Үчүнчү жак

Жекеге таандык

менин телефонум

сенин телефонуң
сиздин телефонуңуз

анын телефону

Көпкө таандык

биздин телефонубуз

силердин телефонуңар
сиздердин телефонуңуздар

алардын телефону

 

Көптүк сан

Биринчи жак

Экинчи жак

Үчүнчү жак

Жекеге таандык

менин телефондорум

сенин телефондоруң
сиздин телефондоруңуз

анын телефондору

Көпкө таандык

биздин телефондорубуз

силердин телефондоруңар
сиздердин телефондоруңуздар

алардын телефондору

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. разг.
1. что (занести) көтөрүп баруу, сүйрөп баруу, көтөрүп келүү, сүйрөп келүү;
затащить шкаф в комнату шкафты үйгө көтөрүп киргизүү;
2. кого (привести) зордоп ээрчитип баруу, зордоп ээрчитип келүү;
я затащил его к себе мен аны зордоп өз үйүмө ээрчитип келдим.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. чего
1. (выучить наизусть) жаттоо, кайталап жаттоо, жаттап алуу, бышыктоо;
затвердить стихи ырды жаттап алуу;
2. (начать твердить) кайта-кайта айта берүү, кайталай берүү;
затвердить одно и то же бир сөздү кайта-кайта айта берүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. затвор (ар түрдүү машиналарда жана мылтык сыяктуу куралдарда жабыла турган механизм);
затвор винтовки винтовканын затвору;
2. (дверей, ворот) жапкыч, жаап салма (эшик жана дарбазаны).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (вычурный, замысловатый) кызыктыра турган, таң кыла турган;
затейливое украшение кишини кызыктыра турган жасалга;
2. (занимательный) кызык, татынакай;
затейливая игрушка кызык оюнчук.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
нареч.
1. (потом) анан кийин, андан кийин, анын үстүнө, жана;
я сначала позанимаюсь, а затем погуляю оболу мен окуп алам, анан кийин бир аз эс аламын;
2. (для того) ошол үчүн;
я пришёл затем, чтобы закончить начатое дело мен ошол баштаган ишти бүтүрүш үчүн келдим.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. что
1. (сделать тёмным) караңгы кылуу; карартуу;
затемнить фон картины картинанын фонун карартуу;
2. (замаскировать освещение) караңгылоо;
затемнить город шаардын ичин караңгылоо;
3. перен. (сделать непонятным) караңгылатуу;
затемнить сознание акыл-эсти караңгылатуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. что (стереть) сүрүп өчүрүү, ышкып өчүрүү;
затереть надпись жазууну сүрүп өчүрүү;
2. кого-что (сдавить) кысуу, туш-туштан кысуу;
судно затёрто льдами кеме муз ортосунда кысылып калды;
в толпе меня затёрли калың эл мени кысып салды;
3. перен. разг. (помешать выдвинуться) атайын тоскоол кылуу, өстүрбөй ылдый басуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. прич. от затерять;
2. прил. жоголгон, жоголуп кеткен, түшүп калган;
3. прил. перен. (заброшенный) унутулган, биротоло эстен чыгарылган;
не чувствовать себя затерянным өзүн биротоло унутулуп кеткен кишидей сезбөө.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (влиться) агып кирүү, сарыгып кирүү;
вода затекла в уши кулакка суу кирип кетти;
2. (онеметь) уюу, уктап калуу (мис. кол, бут);
3. (заплыть) шишип чыгуу, шишик алуу, томпоё түшүү;
у него глаз затёк анын көзү шишиди;
нога затекла бут шишиди;
у меня затекла рука менин колум шишиди.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. (замысел, предприятие) ниет, ой, ойлоп чыгарган иш;
неудачная затея ордунан чыкпаган иш, жөнү келбеген иш;
2. (забава, развлечение) тамаша, көңүл ачуу;
ребячьи затеи балдардын оюну;
попросту, без затей шаан шөкөтсүз эле, бейил күтпөстөн эле.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. что
1. (задумать) иш баштоо, ойлоп чыгаруу;
они что-то затеяли алар бир жорукту баштаганы жатышат;
2. (устроить) чыгаруу, баштоо;
затеять игры оюн баштоо;
затеять драку уруш чыгаруу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. тынчуу, басылуу;
шум затих уу-чуу басылды;
шаги прохожих затихли ары-бери баскандардын аягы тыйылды;
2. (ослабеть, прекратиться) басылуу, басаңдоо, басаңчалоо, токтолуу;
боль затихла ооруганы басаңчалады;
дождь затих жамгыр басаңдады;
3. перен. (успокоиться) танчуу, тынчып калуу, басылуу, сооронуу;
ребёнок затих бала сооронду;
больной затих оорулуу киши тынчып калды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. что
1. (закрыть отверстие) тыгуу;
заткнуть уши ватой кулакка кебез тыгуу;
заткнуть бутылку пробкой бөтөлкөгө тыгын тыгуу;
заткнуть рот кому-л.
1) бирөөнүн оозун жап кылуу;
2) перен. бирөөнү унчуктурбай салуу, бирөөнүн жаагын жап кылуу;
2. (засунуть за что-л.) өткөрүп коюу, кыстарып коюу;
заткнуть кинжал за пояс канжарды куруна кыстарып коюу;
заткнуть за пояс кого-л. бирөөдөн ашып түшүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. астр. тутулуу, караруу;
затмение солнца күн тутулуу;
лунное затмение ай тутулуу;
2. перен. разг. акыл чаташуу;
на меня какое-то затмение нашло менин акылым кандайдыр чаташып калды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. что (скрыть) жаап калуу, далдалап калуу;
тучи затмили всё небо кара булут асманды бүт жаап калды;
2. кого-что, перен. (превзойти) басып өтүү, ашып түшүү;
затмить чью-л. славу бирөөнүн даңкын басып кетүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
затопить I
сов.
1. (разжечь огонь) отжагуу;
затопить печь мешке от жагуу;
2. (начать топить) от жага баштоо.
затопить II
сов.
1. (залить) жайпоо, жайпап кетүү, каптоо, каптап кетүү;
разлившаяся река затопила берега суу кирип жээкти каптап кетти;
2. (потопить) сууга чөгөрүп жиберүү;
затопить суда кемелерди сууга чөгөрүп жиберүү.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. что таптап тегиздөө, таптап жоготуу, таптап салуу;
затоптать следы издерди таптап салуу, издерди тапгап жоготуу;
2. кого-что (задавить) басып өлтүрүү, тепсеп өлтүрүү;
3. что (испачкать) басып булгоо;
затоптать пол грязными сапогами ылайлуу өтүгү менен басып, полду булгап салуу;
затоптать кого-л. в грязь бирөөнү жаман атты кылуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м.
1. (задержка в движении) жолду бөгөө, бөгөп салуу, камалыш;
скопление машин вызвало затор машиналардын шыкалып туруп калышы жолду бөгөп салды;
2. (льда) үйөр (муз жарылып аккан кезде анын ар кайсы жерге үйүлүп калышы).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (начать тормозить) тормоз бере баштоо;
2. (остановить тормозом) токтотуу (тормоз берип токтотуу);
затормозить вагон вагонду тормоз берип токтотуу;
3. перен. (задержать) кедерги кылуу, жолтоо кылуу, тоскоол болуу, бөгөт болуу;
затормозить движение аракетке (жүрүүгө) тоскоол болуу;
затормозить дело ишке жолто болуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого
1. (на охоте) итке тиштетүү, итке талатып өлтүрүү, тукуруу, тайган агытып кууп кармоо;
затравить зайца коёнду итке тиштетүү;
2. перен. (замучить преследованиями) кодулоо, куугунтуктоо, кодулап тынчтык бербөө.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. кычырай баштоо, чыртылдай баштоо, кырчылдай баштоо;
лёд под ним затрещал ал баскан муз чыртылдай баштады, анын алдындагы муз кырчылдай баштады;
2. чырылдай баштоо;
кузнечики затрещали чегирткелер чырылдай баштады;
3. перен. разг. (начать болтать) быдылдап сүйлөй баштоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. кого-что
1. (задеть) чырпып өтүү, тийип өтүү;
пуля затронула кость ок сөөккө тийип өтүптүр;
у него затронуты лёгкие анын өпкөсун дарт чалган;
2. перен. тие өтүү, козгой өтүү, эскертип өтүү;
затронуть чьи-л. интересы бирөөнүн кызыкчылыгына зыян келтирүү;
затронуть больное место бирөөнүн жарасына тийип коюу;
затронуть самолюбие намысына тийүү;
затронуть вопрос маселе козгоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (препятствие, помеха) кыйынчылык, кедерги, тоскоолдук;
устранить затруднение кыйынчылыкты четтетүү;
2. (трудное положение) оордук, оор абал, кыйналуу;
материальные затруднения оокат жагынан кыйналуу;
быть в затруднении оор абалда калуу;
вывести из затруднения кыйын абалдан чыгаруу;
выйти из затруднения оор абалдан чыгуу, кыйынчылыктан кутулуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. кого (обременить) оордоштуруу, кыйын абалга салуу, оңойсуздандыруу;
если вас не затруднит сизге кыйын болбосо, сизге кыйынчылык келтирбесе;
2. что (осложнить) кыйындатуу;
затруднить доступ куда-либо бир жерге кирүүнү кыйындатуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов. что
1. (покрыть туманом) тумандатуу, тунартуу, тунарыктатуу;
2. перен. тунартуу, тумандатуу, күүгүмдөтүү;
слёзы затуманили глаза жаш көздү тунартты;
3. перен. (сделать непонятным) түшүнүксүз кылуу;
затуманить смысл маанисин түшүнүксүз кылуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (покрыться туманом) тумандануу, тунарыктоо;
горизонт затуманился горизонтту туман басты;
2. перен. тунаруу;
глаза затуманились слезами жаш басып көз тунарды;
3. перен. (сделаться неясным) түшүнүксүз болуу;
смысл затуманился мааниси түшүнүксүз болуп калды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (покрыть тушью) туштоо, тушь менен карартуу;
2. перен. (сделать менее заметным) жылмалоо, жымсалдоо, жууп-чаюу;
он старался затушевать его ошибки ал анын каталарын жымсалдатууга аракет кылды.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. бүкшүгөн, көк жыттанган, борсуган, коңурсуган, сасыган;
затхлая мука көк жыттанган ун;
затхлый воздух коңурсуган аба;
пахнет затхлым каңырсык жыттанат;
2. перен. (косный) былгыган, быкшыган;
затхлая атмосфера былгыган атмосфера (чөйрө).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. что (туго стянуть) тартып байлоо, бек тартуу, таңуу;
затянуть узел түйүнчөктү бек тартып байлоо;
затянуть петлю илмекти бек тартуу;
2. кого-что соруу, соруп кетүү;
лошадь затянуло в трясину атты сормо соруп кетти;
3. кого, перен. (завлечь) ээликтирүү, желиктирүү;
приятели затянули его к себе аны достору ээликтирип үйлөрүнө алып кетишти;
4. что (покрыть) жаап калуу, каптап калуу, чүмкөө, бүркөө;
небо затянуло тучами асманды кара булут каптап каяды;
5. безл. перен. (о заживлении) бүтүү, айыгуу;
рану затянуло жара бүттү;
6. что, перен. (задержать, замедлить) токтотуу, кечиктирүү;
затянуть дело ишти кечиктирүү;
затянуть песню ыр ырдай баштоо.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. (туго стянуться) тартылуу, байлануу, бекем тартып байлануу, таңылуу, курчануу, тартып курчануу;
затянуться поясом курду тартып курчануу;
узел затянулся түйүн тартып байланды;
2. (покрыться) капталуу, чүмкөлүү, бүркөлүү;
небо затянулось тучами асман кара булут менен капталды, асман бүркөлдү;
3. (зажать) бүтүү, айыгуу;
рана затянулась жара айыкты;
4. перен. (замедлиться) кечигүү, созулуу, узаруу;
дело затянулось иш созулду;
5. (втянуть в себя) соруу, оп тартуу;
затянуться папиросой папирос соруу.