зат атооч
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова
Зат атооч (имя существительное) -- заттын аталышын билдирген сөз түркүмү.
Зат атооч сүйлөмдүн ээсинин, баяндоочтун жана айкындоочтун милдетин аткарат.
Зат атооч -- ким?, эмне? деген суроолорго жооп берет.
Зат атооч жөндөмө, сан, таандык, жак менен өзгөрөт.
Көптүк түрүндө -лар мүчөсү кошулуп түзүлөт.
Зат атоочтор жалпы жана энчилүү аттар болуп экиге топко бөлүнөт.
Жалпы аттар - бир тектүү заттардын, жаныбарлардын, товарлардын, көрүнүштөрдүн ж.б. түшүнүктөрдүн жалпы аталышы. Мисалы: смартфон, интернет, компьютер, автомобиль, университет, кыял, ж.б.
Энчилүү аттар – жалпы аттардын ичинен бирөөсүн өз алдынча бөлүп көрсөтүү үчүн колдонулат. Мисалы, смартфон – бул телефондордун жалпы аталышы, ал эми - Samsung Galaxy S20, iPhone 12, Pixel 5, Xaoimi MI 11 – энчилүү аталыштар.
Зат атоочтун морфологиялык талданышы. Телефон сөзүнүн мисалында:
За атоочтун жөндөлүшү (orfo.kg -- онлайн морфологиялык талдоо кызматы аркылуу)
|
Жөндөмөлөр |
Жекелик сан |
Көптүк сан |
|
Атооч |
телефон |
телефондор |
|
Илик |
телефондун |
телефондордун |
|
Барыш |
телефонго |
телефондорго |
|
Табыш |
телефонду |
телефондорду |
|
Жатыш |
телефондо |
телефондордо |
|
Чыгыш |
телефондон |
телефондордон |
Таандык категориясы
|
Жекелик сан |
Биринчи жак |
Экинчи жак |
Үчүнчү жак |
|
Жекеге таандык |
менин телефонум |
сенин телефонуң |
анын телефону |
|
Көпкө таандык |
биздин телефонубуз |
силердин телефонуңар |
алардын телефону |
|
Көптүк сан |
Биринчи жак |
Экинчи жак |
Үчүнчү жак |
|
Жекеге таандык |
менин телефондорум |
сенин телефондоруң |
анын телефондору |
|
Көпкө таандык |
биздин телефондорубуз |
силердин телефондоруңар |
алардын телефондору |