Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова
Перевод зат атооч с русского на кыргызский в онлайн переводчике Эл-Создук| Англо-кыргызский словарь

Зат атооч (имя существительное) -- заттын аталышын билдирген сөз түркүмү.  

Зат атооч сүйлөмдүн ээсинин, баяндоочтун жана айкындоочтун милдетин аткарат.

Зат атооч -- ким?, эмне? деген суроолорго жооп берет. 

Зат атооч жөндөмөсантаандыкжак менен өзгөрөт.

Көптүк түрүндө -лар мүчөсү кошулуп түзүлөт. 

Зат атоочтор жалпы жана энчилүү аттар болуп экиге топко бөлүнөт.

Жалпы аттар - бир тектүү заттардын, жаныбарлардын, товарлардын, көрүнүштөрдүн ж.б. түшүнүктөрдүн жалпы аталышы. Мисалы: смартфон, интернет, компьютер, автомобиль, университет, кыял, ж.б.

Энчилүү аттар – жалпы аттардын ичинен бирөөсүн өз алдынча бөлүп көрсөтүү үчүн колдонулат. Мисалы, смартфон – бул телефондордун жалпы аталышы, ал эми - Samsung Galaxy S20, iPhone 12, Pixel 5, Xaoimi MI 11 – энчилүү аталыштар.

Зат атоочтун морфологиялык талданышы. Телефон сөзүнүн мисалында:

За атоочтун жөндөлүшү (orfo.kg -- онлайн морфологиялык талдоо кызматы аркылуу

Жөндөмөлөр

Жекелик сан

Көптүк сан

Атооч

телефон

телефондор

Илик

телефондун

телефондордун

Барыш

телефонго

телефондорго

Табыш

телефонду

телефондорду

Жатыш

телефондо

телефондордо

Чыгыш

телефондон

телефондордон

 

Таандык категориясы

Жекелик сан

Биринчи жак

Экинчи жак

Үчүнчү жак

Жекеге таандык

менин телефонум

сенин телефонуң
сиздин телефонуңуз

анын телефону

Көпкө таандык

биздин телефонубуз

силердин телефонуңар
сиздердин телефонуңуздар

алардын телефону

 

Көптүк сан

Биринчи жак

Экинчи жак

Үчүнчү жак

Жекеге таандык

менин телефондорум

сенин телефондоруң
сиздин телефондоруңуз

анын телефондору

Көпкө таандык

биздин телефондорубуз

силердин телефондоруңар
сиздердин телефондоруңуздар

алардын телефондору