1. поворачиваться; 2. перен. изменяться во внешнем виде, в лице; кызыл оңбос болсочу, кыз бурулбас болсочу фольк. ах, если бы красное не линяло; ах, если бы девушки не менялись (т.е. не старели бы).
бур II этишинин туюк мамилеси. Дайралардан далай канал таралып, Гүлсүз чөлдү гүлдөтүүгө бурулган (Калык). 2. Кайрылып кароо же багытын өзгөртүп кайрылуу. – Ой аттиң ай!.. деп, Шамбет артына бурулуп, көзүн сүрттү (Сыдыкбеков). Аңгыча болбой машина колоттуу сайды көздөй бурулду (Сасыкбаев). 3. өңү өчүү, башка түргө өтүү, өзгөрүү. Кызыл жүзү бурулуп, Кыз кубарбас болсочу! (Токтогул). Бурулган бузук сөзү бар, Жалаңкычтын өзү бар, Төштүк («Эр Төштүк»).
1. издавать клокочущие, бурливые звуки; вырываться с треском, сильной струёй, клубами; бурулдап, кара коюу көк түтүндөр буралып калып барат иссиня-чёрный густой дым извивается, вырываясь клубами; мылтыктын түтүнү бурулдап созулду вырвавшись из ружья, потянулся дым; 2. перен.то же, чтоаркыра- 2; буудан минип, куш салып, бурулдап жүргөн чагымда фольк. в то время, когда я гремел, ездил на скакуне и пускал соколов; 3. перен. набрасываться с бранью на кого-л.
понуд. отбурулда-; бопоростун түтүнүн бурулдатат он сильно (букв. густо) дымит папиросой; махоркасын бурулдата баштады он начал сильно (букв. густо) дымить махоркой; он так закурил махорку, что шёл густой дым.
БУРУЛКАН — эпизоддук кейипкер, Буудайкандын аялы. Үмөтөй Семетейге каршылашып келген учурда Б. жөнүндө Каныкей Темиркандын он эки кызынын бири, өзүнүн эжеси экендигин Семетейге айтат.
зат.1. Имерилиш, кайрылыш. Жылганын оозундагы бурулушка там салмакчы (Байтемиров).
2. Өзгөрүш. Сен да жардам бермексиң, Жасоого чукул бурулуш (Турусбеков).
1. Имерилиш, кайрылыш. Зоонун чыгыш тарабындагы буйгат бурулуштагы үңкүрдүн оозуна барып токтоду (Жантөшев). Маруся менен Акия көчөнүн бурулуш жерине отура кетишти (Сасыкбаев). 2. өзгөрүш. Баласынын бир нерсеге таасирленип, катуу бурулуш жасаганын энеси сезип турду (Байтемиров). Кыргыз искусствосунун Москвада болуучу декадасынын алдындагы жогорулаш – элдик маданияттын өнүгүшүндөгү чоң бурулуш эле (Каимов).
БУРУЛЧА — кейипкер, кытай каны Эсенкандын кызы, Алмамбеттин аялы. Алмамбет кытайдан кеткенге чейин эле Б. анын антташкан колуктусу болот (Радлов жазып алган вариант). Атасы менен жоолашканына карабай Алмамбетти жактырып сүйөт, анын кытайдан кетишине каршы болбойт, кайрылып келгенче канча болсо да күтө турганын билдирет. Б-нын убадага бекемдиги, туруктуулугу Алмамбетти зарыгып күткөнүнөн көрүнөт. Анын анча-мынча ишти алдын ала биле турган өзгөчөлүгү да бар. Түш көрүп Алмамбеттин келатканын сезет. Б-нын аруулугу, сезиминин бийиктиги Алмамбетти да көп ойго салат. Чет-Бээжинге чалгынга барганда Алмамбет: «Учурашпай кетти деп, Убайым тарткан Бурулча, Анык күдөр үзбөйбү, Сыргак» (Саякбай Каралаев, 2. 138),— деп атайлап барып Б-га жолугат. Акыры ар кандай тоскоолдуктардан өтүп Алмамбет менен Б. баш кошот. Алмамбет окко учуп, Манас жарадар болуп Таласка келип өлгөндөн кийин Каныкей Семетейди ала качып Букарга кетет. «Алты арам» Манастын бүлөсүнө гана эмес Б-га да далай кордук көрсөтүшүп, уйчуларга саанчы кылып коюшат. Арууке төрөгөндөн үч күндөн кийин өлүп, Күлчорону Б. багып калат. Азап тартканча өлүп алайын деп нечен санаасы бузулса да, Алмамбеттин артында калган жалгыз туягы Күлчорону медер тутуп, калган өмүрүн Күлчорону тарбиялап өстүрүүгө арнайт (Саякбай Каралаев, 2. 160—162; «Семетей», 161 — 163, 250—253). Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Семетей төрөлгөндөгү тойдогу чатактан кийин кытай кандары Б-ны Алмамбетке берүүгө макул болушат.
А. Жайнакова