БУРУЛУШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Имерилиш, кайрылыш. Зоонун чыгыш тарабындагы буйгат бурулуштагы үңкүрдүн оозуна барып токтоду (Жантөшев). Маруся менен Акия көчөнүн бурулуш жерине отура кетишти (Сасыкбаев). 2. өзгөрүш. Баласынын бир нерсеге таасирленип, катуу бурулуш жасаганын энеси сезип турду (Байтемиров). Кыргыз искусствосунун Москвада болуучу декадасынын алдындагы жогорулаш – элдик маданияттын өнүгүшүндөгү чоң бурулуш эле (Каимов).