баян I ар. рассказ, повествование; баян кыл- рассказывать, повествовать; баян кылчы сен далай, байкайлы да биз далай фольк. расскажи-ка ты побольше, да послушаем мы подольше; булардын каны Кеселик, баянын айтып кетелик фольк. их хан - Кеселик, о нём мы кстати скажем; өмүр баян уст. биография. баян II ир.: жабыр баян название сказочного животного; чегир баян см.чегир. баян III ир.: баяны жок сөз беспочвенные слова, пустые разговоры; баяны жок дүйнө преходящий, бренный мир (по религиозным верованиям - "этот", в отличие от "того").
Iзат. Кабар, бир нерсенин жөнжайы, мазмуну. Бирде жаш, бирде кубанч арасында, Марфадан баян уктук мына мындай (Абдыраманов). Скуянын баяны. Өмүр баяны. БАЯНIIзат. Татаал системадагы ладдар менен курулган чон, кыяк. Баян тартуу. Баянга кошулуп ырдоо.
Бир нерсе жөнүндө, кандайдыр бир ал-абал жөнүндө билдирген кабар, кандайдыр бир маалымат, аңгеме. Аз өмүрдүн өзүндө ар адамдын баштан өткөргөнү өзүнчө баян (Сыдыкбеков). Омор аке менин узун сабак баяным, балким сизди тажата баштагандыр (Сыдыкбеков).
Болгон окуянын жөн-жайын айтып түшүндүрүү, кабарлоо, кандайдыр бир нерсе жөнүндө айтуу. Каргылданып, кайгырган добуш менен Баяндады бир эрдин окуясын (Токомбаев).
БАЯНДОО — эпикалык чыгармалардаайтуучунун (автордун) речи, башкача айтканда каармандардын тике сөзүнөн башка чыгарманын толук тексти. Айтуучунун жеке талантына, диндик-идеологиялык түшүнүгүнө, улуттук психологияга, салт-санаага ылайык ар бир манасчыда баяндоо өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Эпикалык чыгармаларда, анын ичинде «Манас» эпосунда баяндоо ыкмасы кеңири колдонулат. Жаратылыш кооздугун сүрөттөөдө, жүрүп жаткан окуяга баа берүүдө, каармандын айлана-чөйрөгө жасаган мамилелерин, иш-аракеттерин көрсөтүүдө, каармандарга портреттик мүнөздөмө берүүдө, психологиялык абалын сүрөттөөдө, эпизод менен эпизодду, окуя менен окуяны байланыштырууда баяндоо кеңири пайдаланылат. Эпосто сюжеттин өнүгүшү негизинен манасчынын баяндоосу аркылуу ишке ашырылат да, каармандардын иш-аракеттери эпикалык баяндоодон башка диалог-речтер жана монолог ой-жүргүзүүлөр менен жабдылат. Эпикалык баяндоо каармандардын ички сезимдерин, карым-катышын, эпикалык сүрөттөмөлөрдү, пейзаждык көрүнүштөрдү, эпикалык мезгил, кыскача речтерди, ошондой эле окуялардын талкууланышын, мотивдердин, кырдаалдардын түшүндүрүлүшүн ичине камтыйт. «Манас» эпосунда баяндоо эки түрдүү формада — тигил же бул окуяга киришүү алдында кара сөз (жорго сөз) жана көп учурларда ыр түрүндө берилет.
ир. 1. подстилка на седло; 2. всякая подстилка из дорогой материи; төшөнгөнү баяндос его постелью была дорогая подстилка; жекендос жерден алдырып, баяндос мамык салдырып фольк. он приказал убрать узенькую подстилку и постлать дорогую пуховую.
БАЯНДОС — эпосто башы балык, аягы адам түспөлүндөгү элдин аталышы. Көкөтөйдүн ашына чакырылган көп элдин бири катары эскерилет: «Аягы адамдай бөлүнгөн, Башы балык көрүнгөн Баяндос деген бири бар» (Сагымбай Орозбаков, 3. 15). «Манас» эпосунун айрым вариантында Б. этноним эмес, адамдын аты катары да айтылат. Анда Б. терс каармандардын бири, качыр минген калмак баатыры болуп берилет.
1. Ээрдин үстүнө салына турган кичине төшөк – көрпөчө. 2. Олтуруу үчүн алдыга салынуучу төшөк. Адатта, кымбат материалдардан, кооздолуп жасалат. Баяндос мамык салдырып («Манас» С. О.). Кара көрпө көлдөлөң, Баяндоз кабат бүктөгөн, келип конуп болушту («Эл адабияты»).
БАЯНДЫ (моңголчо баян — бай, байлык) — топоним. Араниктеги согушта Манас менен Кеселиктин колу беттешкен талаа (Курама варианты, 1. 115). Эпос боюнча бул жердин орду — Каңгай Моңголиянын ортолук бөлүгү. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манастын сөөгү Б. талаасына коюлат (Сагымбай Орозбаков, 4. 353).
БАЯНДЫ-СУУ — топоним. Чоң казаттын башталышында кыргыздар тийген жылкысынын артынан кууп келаткан Коңурбайды Сыргак сайган жер (Сагымбай Орозбаков, 4. 297).
БАЯНЧОР — эпизоддук кейипкер. Ошпурда козу кайтарып жүргөн Манас Чегебай (Кутубий) экөө козу союп алышып, эт бышырганга оту жок отурушса калмак чал Б. келип калат. Оттугун сураса бербей коет. Жини келген Манас Б-дун оттугун бычагы менен кошо тартып алат (Сагымбай Орозбаков, 1. 116 — 118).