баяндоо
Киргизско-русский словарь Юдахинарассказ, повествование (действие).
БАЯНДОО — эпикалык чыгармаларда айтуучунун (автордун) речи, башкача айтканда каармандардын тике сөзүнөн башка чыгарманын толук тексти. Айтуучунун жеке талантына, диндик-идеологиялык түшүнүгүнө, улуттук психологияга, салт-санаага ылайык ар бир манасчыда баяндоо өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ. Эпикалык чыгармаларда, анын ичинде «Манас» эпосунда баяндоо ыкмасы кеңири колдонулат. Жаратылыш кооздугун сүрөттөөдө, жүрүп жаткан окуяга баа берүүдө, каармандын айлана-чөйрөгө жасаган мамилелерин, иш-аракеттерин көрсөтүүдө, каармандарга портреттик мүнөздөмө берүүдө, психологиялык абалын сүрөттөөдө, эпизод менен эпизодду, окуя менен окуяны байланыштырууда баяндоо кеңири пайдаланылат. Эпосто сюжеттин өнүгүшү негизинен манасчынын баяндоосу аркылуу ишке ашырылат да, каармандардын иш-аракеттери эпикалык баяндоодон башка диалог-речтер жана монолог ой-жүргүзүүлөр менен жабдылат. Эпикалык баяндоо каармандардын ички сезимдерин, карым-катышын, эпикалык сүрөттөмөлөрдү, пейзаждык көрүнүштөрдү, эпикалык мезгил, кыскача речтерди, ошондой эле окуялардын талкууланышын, мотивдердин, кырдаалдардын түшүндүрүлүшүн ичине камтыйт. «Манас» эпосунда баяндоо эки түрдүү формада — тигил же бул окуяга киришүү алдында кара сөз (жорго сөз) жана көп учурларда ыр түрүндө берилет.
грамматический>грам.
сказуемое.
зат. Сүйлөмдүн кыймыл аракетти белгилеп көрсөтүүчү баш мүчөсү.
(грам.) predicate ‘прэдикит
баяндооч, баяндоочту
рассказывающий, повествующий; рассказчик, повествователь.
баяндоочу (а.) (баяндочу эмес)