аяк I 1. нога; нижняя часть ноги; көп баскан аяк бок басат погов. много ходящая нога на дерьмо наступит (о человеке, который необдуманно берётся за всякие дела и попадает в неприятное положение); аяк бас- вступить в какой-л. возраст; быйыл Күлай он алтыга аяк басты в этом году Кюлай исполнилось шестнадцать лет; элүүлөргө аяк басып калышкан адамдар (это) люди в возрасте около пятидесяти; аягы менен басып келгендер южн. чужеродцы, вошедшие в другой род (букв. прибывшие на своих ногах); 2. (ср. уч I) конец, низ, нижняя часть; суу аягы устье реки; аягына чейин или аягына чыгара до конца; аягында в конце; наконец; айдын аягында в конце месяца; аягы жок жоголду он пропал бесследно; аяк-башы от начала до конца его; аяк-башы түшчүлүк фольк. от начала и до конца полдня (пути); 3. перен. последствие; 4. низший (по социальному положению); башына ат мингизип, аягына тон кийгизди самых почётных конями одарили, а самых низших одеждой; казактан чыккан ата уулу аяк-башын жыйдырып фольк. приказав всем казахским родам как следует подготовиться; карысы өлбөй, жаш өлүп; аягы өлбөй, баш өлүп фольк. старые не умерли, молодые умерли; простолюдин не умер, знатный умер; жалгыз аяк 1) бобыль; 2) (о лесе, саде) редкий, стоящий не сплошной стеной; миң аяк или кырк аяк сороконожка; узун аяк мал крупный скот; узун аяк көп малды арбын жыйып алыптыр фольк. он много собрал крупного скота; такалуудан тай койбой, узун аяк мал койбой фольк. из коней он не оставил (даже) стригунка, не оставил крупного скота; көк аяк или индустандын көк аяк охот. один из видов беркута; аягы асмандан келди или аягы асманга чыкты он окончательно разгромлен, ему крышка (букв. его ноги к небу пошли); эл аягы басыла или эл аягы басылганда или ал аягы сууганда поздним вечером; время, когда люди перестают ходить из дома в дом (раньше из юрты в юрту); аяк-башты жыйнап приведя всё в порядок, хорошенько приготовившись, со всеми делами управившись; аяк өйдө (противоп. баш ылдый; см.баш 10) начиная с того, кто ниже (сидит, т.е. с того, кто сидит ближе к выходу, на менее почётном месте); кымызды аяк өйдө сун подавай кумыс, начиная с последнего; үйдөгүлөр аяк өйдө эшик тарта беришти те, что в юрте, выходили, начиная с тех, кто сидел ниже; аягына чык- 1) довести до конца; добиться своего; ойлогон оюнун аягына чыккан он до конца довёл задуманное; 2) перен. доконать, допечь, донять; аягыңарга чыгабыз, иттер! мы вас, псы этакие, доконаем!; манаптар, жеп, элдин аягына чыккан манапы объедали народ и доводили его до изнеможения; атасынан калган малдын аягына чыкты он промотал всё состояние (букв. весь скот), оставшееся от отца; аягым жеңил болсун! да будет легка моя нога! (напр. пусть моё посещение принесёт больному выздоровление); аягы жеңил болду нога его оказалась лёгкой; кызыл аяк чуйск.ист. холостой (избирательным правом не пользовался); кош аяк то же, чтокошаяк; баш-аягын тарт- см.тарт-; аяк-бучкак то же, чтобаш-аяк (см.баш); жалгыз аяк жол см.жол 1. аяк II чашка, чаша; жаманга чоң аягынды көрсөтпө погов. не показывай дурному свою большую чашку (у него совести нет); өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет погов. была бы голова на плечах, а хлеб будет (букв. неумерший человек из золотой чашки воду пить будет); кара аяк некрашеная деревянная чашка с ручкой; сыр аяк крашеная деревянная чашка (не своего кустарного изготовления); сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт погов. хотя с крашеной чашки краска и сойдёт, но (хорошее) качество сохранится; жан аяк 1) дорожная чашка; 2) чашка для толчения табака; аяк койчу южн. полка для посуды; аяк-табак кухонная и столовая посуда; аяк-табагын бөлүп чыкты он (сын) отделился (от отца), он стал жить самостоятельно; кеңеш аяк этн. одно из свадебных или поминальных угощений; ант аяк этн. чаша клятвы (выпивалась при клятве); аттанар аяк южн.этн. небольшое угощенне (напр. кумысом) перед отправлением в дальний путь; бата аяк этн. чаша благословения (угощение по случаю завершения какого-л. сговора, напр. при сватовстве); ит аяк собачья чашка; ит аяк кеч- или ит аяк атта- этн. перейти, перешагнуть через собачью чашку (чтобы сделать ребёнка непривлекательным для злых духов, его заставляли перешагнуть через собачью чашку, чтобы показать, что он так плох, что его и кормят-то из собачьей чашки); ит аяк кечир- или ит аяк аттат- понуд. отит аяк кеч- или ит аяк атта-; кыркып бердим чыбыгын, ит аягын кечирип, кылычтын мизин аттатып, кылып бердим ырымын фольк. прутик его перерубив (см.чыбык), заставил его перешагнуть через собачью чашку, заставил перепрыгнуть через остриё меча (см.аттат-), проделав обряды, отдал (мальчика); аяктай жер маленький (букв. с чашку) клочок земли; аяк ичер улуу или аяк алып ичерлик улуу немного постарше (по возрасту); аяк бошотор дармоед; бир аяк ашка в отриц. обороте ничуть, ни в грош; бир аяк ашка айтпаган ни в грош нё ставит; ажыраш аяк см.ажыраш. аяк III та сторона; аяк-быягында там-сям; кое-где; аяк-тиякта там и сям.
Iзат.1. Бут. [Чолпондун].. күндөгүгө караганда аяк шилтеши да ыкчам болуп кетти (Байтемиров).
2. Ар кандай буюмдардын, мебелдердин жерге тийип туруучу бөлүгү, буту. Столдун аягы. Скамейканын аягы.
3. Акыры, соңу. Август айынын аяк чени. Каныбек мукамдуу обонду салып, аягын созолонтуп барып бүтүрдү (Жантөшев).
♦ Аягыасмангачыгуу — быт-чыт болуу, таш-талканы чыгуу, кыйроо. Алар кылт коюп башка бирөөлөргө кошулуп кетишсе, биздин аягыбыз асманга чыгат (Жантөшев). Аякылоо — минип жүрүүгө жарай турган начарыраак унаа. Ат табылганча аяк ылоо (макал). Аякбасуу — белгилүү бир жаштан экинчи бир жашка бет алуу, өтүү. Алтымыш ашып жетимишке аяк баскан кезим бул («Эр Табылды»). Аягысайтаппоо — бир жерге байыр алып токтобоо, бир жерге турбоо. Аягыменентиктуруу — алы-жаны калбай, кызмат көрсөтүү, кызмат кылуу. Билесиң Назар досуңду Аягы менен тик турат (Барпы). Жалгызаякжол — бир киши гана жүрө турган тар жол. Кераякжетерсаяк — каяшачыл, тил албаган; кежир. Кырк аяк же миң аяк — көп буттуу курт-кумурсканын бир түрү. Аякөөдө — төмөндөн жогору, ылдыйдан өөдө карай; аяк жагынан башталган жагын карай. Көчөттү аяк өөдө отургузуп келатышкан Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков). Баштанаяк — башынан аягына чейин; бүт.
АЯКIIзат. Жыгачтан тегерек оюп жасалган идиш. Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет (макал). Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө (макал).
♦ Итаяк — итке тамак куюп берилүүчү. идиш. Жанаяк— 1) жол жүргөндө алып жүрүүчү аяк; 2) насыбай ийлөө үчүн жыгачтан оюп жасалган идиш. Ажырашаяк — башка жакка көчүп кетүү алдында жолдош-жоролоруң, тааныштарын чакырып берген тамак.
АЯКIIIтакт. сүйл. Ал жак, ошол тарап, башка жак. Ашым аяктан келе элек.
аяк (ал жак), аягы, аякка (сүйл.) аяк-быяк (аяк-буяк эмес) аяк-тияк (аяк-тыяк эмес) аяк басуу аяк-башы аяк-башын жыйноо аяк-башын таппоо аягы жеңил болуу аягы суюлуу аягы тыйылуу аягына чыгуу
(кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок). Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан оюп кармалган. Чоң кара аяктын диаметри 20 смдей келет. Аяктын капталдары, кыры, түбү, кемери, адатта, көркөм кештелерге толот. Аны жасоодо чот керки, ийди, бычак өңдүү кырма аспаптары ирээти менен керектелет. Түштүк Кыргызстандагы чеберлер көбүнчө жемиш бактарынан аяк жасашат. Алар аяктын көлөмүнө карата адегенде жыгачын тандашат. Жердикти сомдоп, идиштин тү7спөлүн берүүдө керки менен балта керек. Анан чара табактай муну да кырма дүкөндүн азуусуна бекитип, өз ийдиси менен кыра баштайт. Аяктык жыгач суу бойдон да, кургак бойдон да кырылат. Ал чебердин өзүлөрүнүн жекече чыгармачылыгына байланышат. Түндүк Кыргызстандагы кырмачылар жыгач идиштерин көбүнчө талдан тандашат. Талдын да өзүнчө бөтөнчөлүгү бар. Ал тарамыштай бышык келип, ийри-муйру жарылат. Аны ошол жарылган ыгы аркылуу жонуу зарыл. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган аяктын калыбы кийинчерээк анча өзгөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң кайра табигый жолуна түшөт. Чеберлер талдан кырылган аяктын сөлөкөтү келген чакта жеткилең кайнатып, жыгачтын сары суусу менен чайырын чыгарып алышат. Мындай аяк такыр чирибейт. Бышык болуп, урунууга ойдогудай келет. Жарылбашы үчүн жасалып бүткөн идишке каймак, май сыйпап, отко «кайсап» (жалынга тосуу) да алышкан. Аяктын чаканы «татымал салгыч» болот. Мунун түзбөлү аякты элестетет. Бирок, анын түбү жазы жана көтөрүңкү келет. Аны азыр момпосуй, каймак, кант, май салгыч катары колдонууга болот. Туз салгыч да аяктын бир түрү. Анын түрү ичкерээк, сүйрүрөөк келет да, түбү жазы, же бир аз көтөрүңкү көрүнөт. Ага да аяктыкындай кештеси көбүнчө кырбуусунда (курбусунда) болот. Чебер кол менен зерикпей отуруп, идиштердин ичин оюп жасайт. Мында үч-төртүн бир эле дароо сомдоп, сууга салып коет. Арадан күн өткөрүп, бир баштан алып, ичин оюп. кирет. Идиш биротоло бүткөндөн кийин кайрадан сууга салып кайнатат. Мында да жыгачтын сары суусу, чайыры чыгат. Андан кийин майга салып, «бышырып» алат. (Май сиңди жыгач кийин урунууга нап берет). Мына ушундай жолду аркалап, ашкана буюмдарын жүзөгө ашырууда негизги курал-аспаптарга өзүлөрү жасап алган кадимки керки, аталгы, жарым айлана түрүндөгү ийги жыгачтын ичин оюшка оңтойлошкон. Же аяк (кесени) жасоо үчүн бутагы жок, көчкү тийбеген түз кайыңды кыйып алып да, суу бойдон сомдой коюп, сууга салып кырат. Ансыз кайың тез жарылып кетет. Анан күжүгө тосуп, жалынга «кайсап» (тосуп) алат да, кайра сууга коюп, өз чамындысы менен аарчып-жышып, жүзүнө чыгарат. Идиштерди ысык кезинде майлоо зарыл.
1. Адамдын, канаттуулардын, айбандардын басуу үчүн кызмат кыла турган мүчөсү. Акбар аягын тазалап, секретардын кабинетин карай бет алды (Убукеев). Мышык жеңил секирип, эки арткы аягы менен тура калды (Сыдыкбеков). 2. Ар кандай буюмдардын эмерек, жерге тийип турган бөлүгү, буту. 3. Акыры, бүтөр мезгили, бүткөн жери. Көчөнүн аягы. Август айынын аяк чени. Айганыш окуянын аягын угууга чыдамсызданганын билгизди (Байтемиров).
Кыргыз тилинде аяк сөзү бут сөзүнүн синоними катары айтылат. Бул сөз ай+ак морфомаларынан куралган. Ай уңгусу азыркы атта этишинин ат дегенине туура келет. Бул ат деген уңгу «кадам» эке «кадамда» деген маани деп эсептесек, анда ат+ак сөзү «басып жүргүч орган» дегенге жакын сөз болуп чыгат.
Жыгачтан жасалган көлөмү анча чоң эмес, тегерек идишти билдирүүчү аяк сөзү алгачкы атак деген сөздөн келип чыгат. Аны мындай чечмелөө мүмкүн. Байыркы замандагы мал чарбачылыгы менен кесип кылган көчмөн ата-бабаларыбыз малдын терисинен кийим кийип, андан буюм-тайым, идиш-аяк жасагандыгы белгилүү. Анткени ал кезде териден жасалган буюмдар, идиштер көчүп-конуп журүүгө ылайык келген. Алар сынбайт, оңой менен айрылбайт. Ошондуктан аяк деген идишти алар алгач кара малдын шыйрагынын туюк сыйрып алган терисинен жасашкан. Ошол шыйрактын терисинен жасалганы үчүн ал ошондой аяк (айак) деген атка ээ болгон. Табак, баштык, казан деген сөздөр да ушундайча пайда болгону ушуну ырастайт (Алар жөнүндөгү маалыматтарды тиешелүү сөздөрдөн окуңуздар).
1. Жыгачтан тегерек оюп жасалган идиш. Сыр аяк. Бактыгүл аш айран куйду да, аякты эрине сунду (Сыдыкбеков). 2. Жалпы эле аш куюп иче турган идиш. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет (макал). Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө (макал).
1. Жатып ичер, жан бакты, бекер оокатка көнгөн, жалкоо. – Э, аш ичип, аяк бошотор болдук дечи (Укаев). Кыйратып ийдиң беле?.. уйку, тамак,... Ох аяк бошотор (Осмоналиев). 2. Эмгек кылууга жарабаган (жашы жете электигине, же кары-картаңдыгына карата). Сокурмун, элге пайдасызмын, аяк бошотормун (Жусупов). Өзүнөн башкасы али аяк бошотор (Өмүрбаев).
1. Жатып ичер, жан бакты, бекер оокатка көнгөн, жалкоо. - Э, аш ичип, аяк бошотор болдук дечи (Укаев). Кыйратып ийдиң беле?.. уйку, тамак,... Ох аяк бошотор (Осмоналиев). 2. Эмгек кылууга жарабаган (жашы жете электигине же кары-картаңдыгына карата). Сокурмун, элге пайдасызмын, аяк бошотормун (Жусупов). Өзүнөн башкасы али аяк бошотор (Өмүрбаев).
face down (adjective)
An orientation of printed paper where the printed side is against a surface. For example, paper is face down when it is placed in a copier with the printed side against the copying surface.
Кийизден жасалган ашкана буюму. Буга жыгач идиш-аяктарды сакташат. Ал көчмөңдүү турмушта кенен керектелип, боз үйдүн эпчи тарабына керегеге эки кулакчасынан илинген. Мунун жөнөкөй түрү жалаң кийизден турат. Коозу кадимки оюмдун четине көбүнчө аккарадан «араа тиш», «бадам оюму», «ит куйрук оюму» өңдүүлөр берилет. Айрым жерлерде мунун кийизин шырдактай кынаптап шырыйт. Аяк капка түшкөн шырдак оюмдары ар кыл. Көбүнчө уздар кызыл менен көк өңдү, же кара менен сары өңдү, кара менен кызыл өңдү айкалыштырышат. Ага да «жалпы оюмду» оюп берүү мүнөздүү келет. Ал эми аяк каптын капкалдырыгына да өзүнчө оюм түшөт. Ага негизинен «мүйүз оюму», «табак оюму», «кыял оюму» келет да, бет оюмуна шарттуу көрүнөт. Буюм боз үйдүн ички жалпы жасалгасына өзүнүн жекече кооздугун кошуп турат. Аяк каптын капкалдырыгынын бүчүсү ортолук оюмдун чок-ортосуна кадалган топчуга бүчүлөнөт. Чарчы жарым тегерек борумунда жапкычтуу келген бул кооз буюмдун чети чарчы тордолонот жана «төкмө чачыланат».
Аяк сала турган атайын баштык (көчкөндө атка же төөгө артканда сынбас үчүн идиштерди чырпыктан согулган, жыгач капкагы, кайыш боосу бар атайын аяк капка салышкан). Чыгдандагы чыны кап, аяк кап, көөкөр, көнөчөктөр, булуңдагы куткун, куюшкан, айырмач, желдик, жан аяктар сыртка ыргытылды (Турсунов).
аяккы, аякы конечный, последний; нижний (находящийся на нижнем конце); кылымдын аякы чендеринде в конце XIX века; чоордун аякы жагы үстүндө үч тешик три отверстяя на верху нижней части дуды.
Ылдыйтан, төмөн жактан жогору карай. Аяк өөдө шамал болсо, бул суу кайра агып бараткандай сезилет (Жантөшев). Көчөттү аяк өөдө отургузуп келатышкан Сабырлар бул кезде аяктын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков).
1. безногий; 2. бесконечный; 3. перен. без последствий; аяксыз кал- не иметь результата, остаться без последствий (напр. о жалобе, заявлении); 4. бесследно; ат аяксыз жоголду лошадь бесследно пропала.
Ың-жыңсыз, белгисиз, дайынсыз, эч дайыны жок. Хан өзүнүн чачын алган соң аяксыз жоголчу кургурду элге чүчүкулак карматуу аркылуу тандай баштайт (Насирдинов). Ат аяксыз жоголду.
1. действовать ногами; төрт аяктап четырьмя ногами; на четырёх ногах; кош аяктап двумя ногами; на двух ногах; 2. кончаться, подходить к концу; иш аяктап келатат дело заканчивается, дело близится к концу; иш муну менен аяктабайт дело этим не кончается; 3. заканчивать, завершать; мектептин курулушу аяктаган строительство школы закончено; сөзүңдү аякта заканчивай своё слово, свою речь; 4. доставать ногами до земли; суу терең экен, ат аяктабай калды вода глубока, лошадь не достаёт ногами до дна; 5. подсаживать (на быка, на лошадь и т.п., поддерживая под голень или подставив свою ногу).
1. Аяк, бут менен аракет кылуу (басуу, жүгүрүү). Төрт аяктап чуркоо. Кош аяктап тебүү. 2. Аягынан жөлөп көтөрүү, буттап жиберүү. Бурмаке тышка чыгып, мени аяктап, учкаштырып койду (Элебаев). 3. Аягына чыгуу, бүтүрүү, бүтүрүп коюу. Чогулуш аяктады. Сөзүңдү аякта. Чигит эгүү сапаттуу аяктады («Кыргызстан аялдары»).
АЯКТАЛБАГАН КЫЛМЫШ – кылмыш кылууга даярдануу же кылмыш кылууга аракет жасоо. А. к. үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу мыйзам боюнча, аяктаган кылмыш иши үчүн гана болот.
аякташ I смежный; сходящийся концами; ый менен күлкү аякташ погов. плач и смех смежны; от слёз недалеко до смеха; экөөнүн сөзү аякташ чыкты показания обоих сходятся. аякташ- II взаимн. отаякта- сходиться, соприкасаться концами (напр. кончиками ног).
1. имеющий ноги; эки аяктуу 1) двуногий; 2) перен. человек; эки аяктуу жан калбай фольк. не осталось ни одного человека; 2. (точнее төрт аяктуу) животное; төрт аяктуудан түгүм жок у меня нет никакого скота; 3. (о коне) с сильным ходом; сөзү аяктуу чыкты вышло так, как он сказал; его слова оправдались; аяктуу сөзгө аргасыз жооп кайтарат погов. на дельное (обоснованное) слово (напр. замечание) поневоле ответят.
Жөө жүргөнчө эптеп минип жүргөнгө жарагыдай начарыраак унаа, мингич. Ат тапканча аяк ылоо деп, айыл-апага бара калганда илкитип мине калат (Баялинов). Башка адамдан аяк ылоо алып, Ак-Талааны карай ооган (Осмоналиев).
Мингенге эптеп жараган унаа. Ат жоктон көрө аяк ылоо болбойбу, эптеп айыл арасында бастырып жүрсүн, кунанын берип жибер («Ала-Тоо»). Ат тапканча аяк ылоо деп, айыл-апага бара калганда илкитип мине калат (Баялинов). Башка адамдан аяк ылоо алып, Ак-Талааны карай ооган (Осмоналиев).