АЯК I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Адамдын, канаттуулардын, айбандардын басуу үчүн кызмат кыла турган мүчөсү. Акбар аягын тазалап, секретардын кабинетин карай бет алды (Убукеев). Мышык жеңил секирип, эки арткы аягы менен тура калды (Сыдыкбеков). 2. Ар кандай буюмдардын эмерек, жерге тийип турган бөлүгү, буту. 3. Акыры, бүтөр мезгили, бүткөн жери. Көчөнүн аягы. Август айынын аяк чени. Айганыш окуянын аягын угууга чыдамсызданганын билгизди (Байтемиров).