Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Жыгачтан жасалган көлөмү анча чоң эмес, тегерек идишти билдирүүчү аяк сөзү алгачкы атак деген сөздөн келип чыгат. Аны мындай чечмелөө мүмкүн. Байыркы замандагы мал чарбачылыгы менен кесип кылган көчмөн ата-бабаларыбыз малдын терисинен кийим кийип, андан буюм-тайым, идиш-аяк жасагандыгы белгилүү. Анткени ал кезде териден жасалган буюмдар, идиштер көчүп-конуп журүүгө ылайык келген. Алар сынбайт, оңой менен айрылбайт. Ошондуктан аяк деген идишти алар алгач кара малдын шыйрагынын туюк сыйрып алган терисинен жасашкан. Ошол шыйрактын терисинен жасалганы үчүн ал ошондой аяк (айак) деген атка ээ болгон. Табак, баштык, казан деген сөздөр да ушундайча пайда болгону ушуну ырастайт (Алар жөнүндөгү маалыматтарды тиешелүү сөздөрдөн окуңуздар).