крепкий, плотный; крепыш; эти чымыр, сөөгү бекем мускулы его крепки, кости плотны; чымырынан келген жигит крепкий парень; чымырынан келген айгыр крепкий жеребец; ымыр-чымыр см.ымыр.
I.сын. Чың, бышык, чыйрак, көпшөк эмес. [Барпы] мыртыйган чымыр колдору менен Ышкынаалынын жакасын камтый кармады (Байтемиров).
ЧЫМЫРII:ымыр-чымырболуу — чымырагандай абалда болуу, чыбыр-чубур, жыбыр-жубур эткендей боло түшүү. Анархандын жүрөгү оозуна тыгылуу менен көзү ымыр-чымыр боло түштү (Жантөшев). [Айшанын] бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бакирдин көздөрү андан бетер ымыр-чымыр болуп, аттан кулап түштү (Осмоналиев). Өмүр бою аты-жөнү туурасында чеки сөз укпаган баланын бүткөн бою дүрүлдөп, бети-башы ымыр-чымыр болуп чыкты (Бейшеналиев).
Бул сөз чым+ыр бөлүктөрүнөн куралган. Анын чым уңгусу чың сөзүнө ң жана м тыбыштарынын алмашуусу боюнча туура келет. Ошол уңгуга зат атоочтон сын атооч жасоочу -ыр мүчөсү уланып, чымыр сөзү жаралган.
этиш.1. Дүүлүгүп жыбырагандай, чыбыр ала болгондой көрүнүү, жыбыр-жубур эткендей сезимде болуу (көбүнчө денеге карата). Чарчаган буттары чымырап, жаны жыргап баратат (Байтемиров). Аяз күүсүн чалат: бет чымырап, кулак тызылдайт (Каимов). Столду бек чапкандыктан тыз-тыз чымырай түшкөн алаканы бир аздан кийин ысый баштады (Сыдыкбеков).
2. Чыбырчыктоо; көөп жылый баштоо. Чаргындын бул кеби чымырап калган казандын отун ичкерештиргендей болду (Сыдыкбеков). Жаз келип, карлар эрип, жер чымырап, Көк чыгып, торгой сайрап, курт кыбырап (Турусбеков). Жазга жакын көктөмдө, Жер чымырап көпкөндө (Осмонкул).
♦ Бетичымыроо—уялуу, тартынуу. [Бурманын] журттан бети чымырап, алдыртан шыпшынууда (Сыдыкбеков).
1. (о мурашках по телу) бегать; буту уктап, чымырап чыкты по его ноге мурашки бегают (он отсидел ногу); 2. слегка покрываться мелкой травкой; слегка покрываться маленькими пузырьками; жер өзгөрүп, чымырап, чексиз нурга балкыды стих. земля изменилась, ожила, от лучей (солнца) разомлела; көк чымырап, ак чыгар күкүк талга конгондо стих. трава поднимается, молоко появляется, когда кукушка на дерево садится (т.е. когда прилетают кукушки); жер бетине жаңыдан гана көк чымырап чыга баштаган на поверхности земли только-только начала появляться зелень; чымырай баштаган казан котёл, начинающий кипеть (когда вода в нём покрывается мелкими пузырьками); бети чымырабай без зазрения совести; бети кенедей чымырап койбойт он ничуть не стыдится; он бессовестный; бети чымырабастан, акмын дейт он без зазрения совести говорит, что невиновен; буга кимдин бети чымырар экен? кому за это должно быть стыдно? кошколдоп койсо да, анын муштумуна чымырап койгон да жок как тот ни бил его кулаками, ему хоть бы что.
1. Дүүлүгүп жыбырагандай, чыбыр ала болгондой көрүнүү, жыбыр-жубур эткендей сезимде болуу (көбүнчө денеге карата). Чарчаган буттары чымырап, жаны жыргап баратат (Байтемиров). Аяз күүсүн чалат: бет чымырап, кулак тызылдайт (Каимов). Столду бек чапкандыктан тыз-тыз чымырай түшкөн алаканы бир аздан кийин ысый баштады (Сыдыкбеков). 2. Чыбырчыктоо; көөп жылый баштоо. Чаргындын бул кеби чымырап калган казандын отун ичкерештиргендей болду (Сыдыкбеков). Жаз келип, карлар эрип, жер чымырап, Көк чыгып, торгой сайрап, курт кыбырап (Турусбеков). Жазга жакын көктөмдө, Жер чымырап көпкөндө (Осмонкул).
Суу чымырай баштады деген учурда айтылган чымыра сөзү чымыр+а бөлүктөрүнөн куралган. Анын чымыр уңгусу чыбыр ала, чыбыр чаар деген учурдагы чыбыр сөзүнө б тыбышы м тыбышына алмашуусу аркылуу туура келет. Ага атооч сөздөн этиш жасоочу -а мүчөсү уланып, чымыра сөзү жаралган. Суу кайнай турган болгондо, чыбыр-чыбыр майда көбүктөр чыга баштайт. Мына ушул көрүнүшү чыбыра>чымыра сөзүнүн келип чыгышына алып келген. Байыркы түрк тилинде чокур сөзү «чаар» дегенди билдирсе, андан келип чыккан чокра (<чокур+а) этиши «кайна» дегенди туюнткан (ДТС, 154). Дал ушул сыяктуу жол менен суунун кайноого жакындап калышы да чыбыр-чыбыр болуп көбүктөнгөн өңүнө жараша чымыра этиши аркылуу баяндалган.
Чымырагандай абалда болуу, чыбыр-чубур, жыбыр-жубур эткендей боло түшүү. Анархандын жүрөгү оозуна тыгылуу менен көзү ымыр-чымыр боло түштү (Жантөшев). Айшанын бүткөн бою ымыр-чымыр болуп, маңдайынан тер чыпылдай түштү (Жантөшев). Бакирдин көздөрү андан бетер ымыр-чымыр болуп, аттан кулап түштү (Осмоналиев). Өмүр бою аты-жөнү туурасында чеки сөз укпаган баланын бүткөн бою дүрүлдөп, бети-башы ымыр-чымыр болуп чыкты (Бейшеналиев).
этиш.1. Катуу күч менен, күчүнүн бардыгынча аракет кылуу. [Сапар челекти].. чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы.. менен жерден үзө албады (Бейшеналиев).
2. Бел байлоо, тырышуу, кайраттануу, өзүн-өзү бекем кармоо. Кыйынчылыкка чымырканып, өзүңө этият бол (Абдукаримов). [Какелей] өзүнө жалгыз көрүн гөн сырды жанга угузбоого чымырканды (Бейшеналиев).
1. быть напряжённым, возбуждённым; набираться энергии; чымырканган күчтүү билек упругая сильная рука; уялганымдан чымырканып, үн чыгарбай келе жаттым пристыжённый, возбуждённый, я ехал молча; 2. с силой напирать; натуживаться; бүркүт канатын чымырканып сермейт беркут с силой взмахивает крыльями.
1. Катуу күч менен, күчүнүн бардыгынча аракет кылуу. Сапар челекти чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен жерден үзө албады (Бейшеналиев). 2. Бел байлоо, тырышуу, кайраттануу, өзүн-өзү бекем кармоо. Кыйынчылыкка чымырканып, өзүңө этият бол (Абдукаримов). Какелей өзүнө жалгыз көрүнгөн сырды жанга угузбоого чымырканды (Бейшеналиев).