Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Катуу күч менен, күчүнүн бардыгынча аракет кылуу. [Сапар челекти].. чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы.. менен жерден үзө албады (Бейшеналиев).
2. Бел байлоо, тырышуу, кайраттануу, өзүн-өзү бекем кармоо. Кыйынчылыкка чымырканып, өзүңө этият бол (Абдукаримов). [Какелей] өзүнө жалгыз көрүн гөн сырды жанга угузбоого чымырканды (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. быть напряжённым, возбуждённым; набираться энергии;
чымырканган күчтүү билек упругая сильная рука;
уялганымдан чымырканып, үн чыгарбай келе жаттым пристыжённый, возбуждённый, я ехал молча;
2. с силой напирать; натуживаться;
бүркүт канатын чымырканып сермейт беркут с силой взмахивает крыльями.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Катуу күч менен, күчүнүн бардыгынча аракет кылуу. Сапар челекти чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен жерден үзө албады (Бейшеналиев). 2. Бел байлоо, тырышуу, кайраттануу, өзүн-өзү бекем кармоо. Кыйынчылыкка чымырканып, өзүңө этият бол (Абдукаримов). Какелей өзүнө жалгыз көрүнгөн сырды жанга угузбоого чымырканды (Бейшеналиев).