ЧЫМЫРКАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Катуу күч менен, күчүнүн бардыгынча аракет кылуу. Сапар челекти чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен жерден үзө албады (Бейшеналиев). 2. Бел байлоо, тырышуу, кайраттануу, өзүн-өзү бекем кармоо. Кыйынчылыкка чымырканып, өзүңө этият бол (Абдукаримов). Какелей өзүнө жалгыз көрүнгөн сырды жанга угузбоого чымырканды (Бейшеналиев).