ЧЫМЫРА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаСуу чымырай баштады деген учурда айтылган чымыра сөзү чымыр+а бөлүктөрүнөн куралган. Анын чымыр уңгусу чыбыр ала, чыбыр чаар деген учурдагы чыбыр сөзүнө б тыбышы м тыбышына алмашуусу аркылуу туура келет. Ага атооч сөздөн этиш жасоочу -а мүчөсү уланып, чымыра сөзү жаралган. Суу кайнай турган болгондо, чыбыр-чыбыр майда көбүктөр чыга баштайт. Мына ушул көрүнүшү чыбыра>чымыра сөзүнүн келип чыгышына алып келген. Байыркы түрк тилинде чокур сөзү «чаар» дегенди билдирсе, андан келип чыккан чокра (<чокур+а) этиши «кайна» дегенди туюнткан (ДТС, 154). Дал ушул сыяктуу жол менен суунун кайноого жакындап калышы да чыбыр-чыбыр болуп көбүктөнгөн өңүнө жараша чымыра этиши аркылуу баяндалган.