ложка; сыр кашык деревянная крашеная ложка; чапма кашык самодельная деревянная ложка; калай кашык алюминиевая ложка; бал кашык или чай кашык чайная ложка; чоюн кашык чуйск. небольшая сковородка с ручкой; кол кашык чатк. металлический уполовник; жамандан жарты кашык аш калыптыр- погов. ешь (или съем) всё до конца (букв. от никудышного осталось пол-ложки пищи); кашык мурун колпик (птица); өзүнүн салган кашыгын сал- отплатить той же монетой; өзүнүн салган кашыгы а это ему отплата той же монетой; асманда кашыктай булут жок на небе ни тучки; кашык канын бериңиз ради меня даруйте ему жизнь (букв. дайте мне ложку его крови); эрдиң тийбеген кашык калбады ты всего попробовал; ты на своём веку поел всего и вволю (букв. не осталось ложки, которой бы не коснулась твоя губа).
зат. Тамак-аш сузуп ичүүгө же бир нерсени сузуп алууга ылайыкта
лып жыгачтан же металлдан жасалган буюм. Калай кашык. Күмүш кашык. Жыгач кашык. Чай кашык. Сыр кашык.
КАШЫК — топоним. Бээжинге казаттап бараткан кыргыз колу «Кара-Суунун боюна, Кашыктын кирген оюна» (Сагымбай Орозбаков, 4. 111) өргүгөн жер. Географиялык реалияда Чүй өзөнүнүн оң жээгиндеги жер.
«Кашыктап жыйган мүлкүмдү, Чакалап чачып отурат» (Эл ыры). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Узуну 10—15 см, ичтүүлүгү 25—30 грамм кашык сабынан кармап, тамак ичүүгө ылайыкталган. Сузгунун (чөмүчтүн) кичинекей түрү. Буга узанууда бир аз айырмачылыктар бар. Чеберлер сузгуну керки, байтеше аркылуу чапса, кашыкты жасоодо бычак, өзүнүн кичинекей ийгиси керек. Кол башындай бул идишти бычак жана ийги аркылуу жапырактатып кырат. Сузгунун да, кашыктын да башынын ичин карай иймекей сабы болот. Муну усталар этияттап жасап чыгарса, колго эптүү, көзгө көркөмдүү көрүнөт. Усталар өзүлөрү да көчүрүп өстүрүп алышкан тал-теректерди көбүрөөк керектейт. Кырма идиштерин бүтүндөй бир колдон чыгаргандар жыгачтардын ич ара айырмачылык бөтөнчөлүктөрүн айра тааныйт. Башкалардай эле ак тал, кара тал, турпан тал, эчки тал, жер тал, сары тал, бака терек, кайың, арча, карагай, жаңгак жана башкаларды кашык, сузгу жасоого негизги жердик катары бааланат. Булардын ички касиеттерин билип-туюп узангандыктан урунууга бышык келет.
Тамак-аш сузуп ичүүгө же бир нерсени сузуп алууга ылайыктап жыгачтан же металлдан жасалган үй буюму. Жыгач кашык. Калай кашык. Күмүш кашык. Чай кашык. Сыр кашык.
Кененчилик, токчулук, молчулук, береке кирип, тамак-аш жетиштүү болуп калган абал. Адам экен го деп эл да ыраазы: кашык да май, чөмүч да май (Егиналиев). Баягы тору бээни көтөрүп урдук, достугубуздун урматына, кашык да май чөмүч да май, пай-пай-пай (Медетов).
Кененчилик, токчулук, молчулук, береке кирип, тамак-аш жетиштүү болуп калган абал. Адам экен го деп эл да ыраазы: кашык да май, чөмүч да май (Егиналиев). Баягы тору бээни көтөрүп урдук, достугубуздун урматына, кашык да май, чөмүч да май, пай-пай-пай (Медетов). В.: Кашыгы да май, өтүгү да май. Дагы жарды немелер кашыгы да май, өтүгү да май болуп, күнүгө мал союлуп, барбаңдап мейман күтүп калышты (Касымбеков).
Өмүрүнүн акырына чейин, бардык мүмкүнчүлүгүнүн болушунча, аргасы түгөнгөнчө. Кармашамын кашык каным калганча (Осмонкул). Кашык каным калганча айтканыңызды айткандай аткарам (Жантөшев). Алар менен эми кашык каным калганча салгылашам (Өмүрбаев).
Өмүрүнүн акырына чейин, бардык мүмкүнчүлүгүнүн болушунча, аргасы түгөнгөнчө. Кармашамын кашык каным калганча (Осмонкул). Кашык каным калганча айтканыңызды айткандай аткарам (Жантөшев). Алар менен эми кашык каным калганча салгылашам (Өмүрбаев).
Бардык күчүн, бүт мүмкүнчүлүгүн сарптоо, эч тартынбоо, бүткүл күчүн жумшоо. Калкынын ысык-суугуна кашык канын аябастан кажыбай түтүш керек (Көчкөнов). Бел байлаган кармаштан баш тартпас, кашык канын аябас Токтогулун камандарга чалдырбай, коргоп каларын билдиришти (Бейшеналиев).
Бардык күчүн, бүт мүмкүнчүлүгүн сарптоо, эч тартынбоо, бүткүл күчүн жумшоо. Калкынын ысык-суугуна кашык канын аябастан кажыбай түтүш керек (Көчкөнов). Бел байлаган кармаштан баш тартпас, кашык канын аябас Токтогулун камандарга чалдырбай, коргоп каларын билдиришти (Бейшеналиев). В.: Кашык канын берүү. Мен сага кашык канымды берүүгө даярмын («Ала-Тоо»).
Чакан сайма буюмдарынын бири. Анын кооз саймасы жана оюму болот. Буюмдун жердиги көбүнчө кийизден, таардан, кездемеден тандалат. Ал көркөмдүк үчүн «аяк кап», «күзгү кап», «кайчы кап» сыяктуу эле кереге башына илинет. Кээде кашык капка ара туулган козунун, улактын, чаарчыктын терилери пайдаланылат. Ага да көркөм сайма көчөттөрү түшөт. Мына ушундай майда буюмдан улам «кыргыздын үйүндө кырк баштык бар» деген сөз бар. Кереге башы сайын баштык илинип, алардын ар биринин турмуштук мааниси жана ич ара кооздуктары бар. Кайчы капка деле көркөм көчөт түшүрүүдө ушундай кооздуктарды пайдаланат.
этиш. Кашык менен ченөө, кашыктан пайдалануу, ичүү. Күчүн көрсөң ичиндеги күйүттүн, Кош кашыктап ууну ичип, ууланган жок (Шимеев).
¨ Кашыктапжыйып,чөмүчтөпчачуу— дүнүйөнү кичинеден жыйнап, көп-көптөн чачуу, эсеби жок жоготуу, ысырап кылуу.
брать ложкой; кашыктап жыйган нерсени чөмүчтөп төгүп жибердик то, что было собрано ложкой (т.е. понемногу), мы разлили уполовником (т.е. растранжирили).
Кашыкка салып өлчөө, ченөө, кашык менен куюу, сузуп алуу, ичүү. Кашыктап ченөө. Колунда бар болгонун тоноп алып, Кашыктап жүргөн киши сууну сатып (Шамшиев).
Дүнүйөнү, мал-мүлктү аз-аздан, кичинеден жыйнап алып, эсеби жок ысырап кылуу, көп-көптөн жогото берүү. Атасынын кашыктап жыйнаганын, баласы чөмүчтөп чачты да, бир жылдан соң көктү карап калды («Ала-Тоо»).
Дүнүйөнү, мал-мүлктү аз-аздан, кичинеден жыйнап алып, эсеби жок ысырап кылуу, көп-көптөн жогото берүү. Атасынын кашыктап жыйнаганын, баласы чөмүчтөп чачты да, бир жылдан соң көктү карап калды («Ала-Тоо»).