этиш. Кашык менен ченөө, кашыктан пайдалануу, ичүү. Күчүн көрсөң ичиндеги күйүттүн, Кош кашыктап ууну ичип, ууланган жок (Шимеев).
¨ Кашыктап жыйып, чөмүчтөп чачуу — дүнүйөнү кичинеден жыйнап, көп-көптөн чачуу, эсеби жок жоготуу, ысырап кылуу.
брать ложкой;
кашыктап жыйган нерсени чөмүчтөп төгүп жибердик то, что было собрано ложкой (т.е. понемногу), мы разлили уполовником (т.е. растранжирили).
Кашыкка салып өлчөө, ченөө, кашык менен куюу, сузуп алуу, ичүү. Кашыктап ченөө. Колунда бар болгонун тоноп алып, Кашыктап жүргөн киши сууну сатып (Шамшиев).
Дүнүйөнү, мал-мүлктү аз-аздан, кичинеден жыйнап алып, эсеби жок ысырап кылуу, көп-көптөн жогото берүү. Атасынын кашыктап жыйнаганын, баласы чөмүчтөп чачты да, бир жылдан соң көктү карап калды («Ала-Тоо»).