Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кененчилик, токчулук, молчулук, береке кирип, тамак-аш жетиштүү болуп калган абал. Адам экен го деп эл да ыраазы: кашык да май, чөмүч да май (Егиналиев). Баягы тору бээни көтөрүп урдук, достугубуздун урматына, кашык да май, чөмүч да май, пай-пай-пай (Медетов). В.: Кашыгы да май, өтүгү да май. Дагы жарды немелер кашыгы да май, өтүгү да май болуп, күнүгө мал союлуп, барбаңдап мейман күтүп калышты (Касымбеков).